Таң эрте Бишкек шаарын кардан, жолго тоңуп калган муздан тазалап, жумушчулук милдетин так аткарып жүргөн "Тазалык" ишканасынын жумушчуларын жагымдуу күтулбөстүк тосуп алды.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, Балдар хосписинин ыктыярчылары суукта шаар тазалап жүргөн жумушчулардын түйшүгүн аз да болсо жеңилдетүү демилгесин көтөрүшкөн. Балдар хосписинин түптөөчүсү Дина Аляеванын сунушу менен ыктыярчылар биригишип, ысык чай, кофе артынып алышып шаар айланышкан.
Дина Аляеванын айтымында, ал күн сайын эртең менен жумушка кетип баратып, таңкы суукка карабай, жолду кардан арылтып жүргөн жумушчуларды көрүп жүргөн.
"Алардын ишин карап туруп ичиң жылыйт. Бирок шаардыктар алардын эмгегин байкай бербейбиз. Ошондуктан, суукта ысык чай, кофе сунууну демилгеледик", - дейт Аляева.