Өмүрбек Текебаев жакында көп кабаттуу үйдөгү батирине белгисиз адамдар киргенин коомчулукка жарыялап, бул боюнча укук коргоо кызматтары кылмыш ишин козгогон. Бирок саясатчы жубайы экөө бул иштин негизинде көрсөтмө берүүгө келишкен эмес.

 

Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, 14-ноябрда, саат болжол менен 12:30да Текебаева А.Т. аттуу жарандан чакыруу болгондуктан, тергөө-ыкчам тобу Баетов көчөсүндөгү батирге барган. Анда аталган жаран үйүнө келип, ачкыч менен каалгасын ача албай атып, ичинен бекитилгенин байкап калганын айткан. Сурамжылоо учурунда батир Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин жубайына тийиштүү экени маалым болгон.

Батир үч бөлмөдөн турат жана экинчи кабатта жайгашкан.

 

“Жаран Текебаева бул батирден бир ай мурун башка дарекке көчүп кетишкендиктерин айтты. Кошуналар, жакын жайгашкан таксисттер, дүкөндөрдүн сатуучулары суралды. Тергөөчүлөр Текебаевди жана анын жубайын суракка чакырышкан.

 

Бирок жубайлар убактылары болбой атканына шылтоолоп көрсөтмө беришпей атышат. Бул факт Биринчи май райондук ИИБинде катталган. Учурда бардык тийиштүү иликтөө иштери жана тергөө амалдары жүрүүдө”, - деп билдирди Бишкек ШИИБи.