Чыгыш-Казакстанда сууктун күчү 30-35 градуска жетүүдө. Буга байланыштуу коомдук транспорттордун жүрүүсүнө чектөөлөр киргизилди.

Павлодар, Алматы, Жамбыл облусундагы айрым автожолдордо дагы унаа кыймылдары азайтылды.

 

Дүйшөмбү күнү Астанада жана бир катар райондордо мектептерде сабактар токтоду.

 

Алматыда коммуналдык кызматтар жолдорду кар күрткүдөн тазалоого үлгүрбөй, бул ишке жоокерлер да тартылды.

 

Гидромет кызматынын маалыматы боюнча аяздуу аба ырайы Казакстандын бүтүндөй аймагында өкүм сүрүүдө. Абанын температурасы ушу күндөрү орточо температурадан 13-20 градус төмөн болууда.

 

24-25-ноябрда Түндүк-Казакстан, Акмоло, Павлодар облустарында кар жаап, катуу бороон согору күтүлүүдө. Аталган үч облуста аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу эскертүү берилди.