Жолугушууда Мамлекет башчысы коомдук коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз этүү, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча иштин бүт комплексин ургаалдаштырууга багытталган ИИМ пландары тууралуу маалымат алды.

 

Президент Алмазбек Атамбаев жана ички иштер министри Улан Исраилов ошону менен бирге милиция кызматкерлери үчүн турак жайларды куруу иштерин мындан ары улантуунун пландарын да талкуулашты.

 

Мамлекет башчысы өлкөдө укуктук тартипти жана коопсуздукту камсыз этүү ишинде ички иштер органдарынын жоопкерчилигин баса белгиледи. Алмазбек Атамбаевдин айтымында, иш жүзүндө коррупцияны жоюу жана жарандардын милицияга болгон ишенимин арттыруу үчүн укук коргоо органдарынын тутумун реформалоо боюнча ИИМ жетекчилигинин алдында маанилүү милдеттер турат.