Твиттер соцтармагына Муслим деген аталыштагы колдонуучу президент Атамбаевди өлтүрүүгө ниеттенип атканын жазып чыккан. Улуттук коопсуздук комитети бул жаранды издеп баштады.
Бүгүн, Твиттерде Муслим деген ник менен катталган колдонуучу баракчасына: “Мен Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан жана Казакстан жана башка Республикаларга кайрылам. Силер иттер, мусулмандарды өлтүрөсүңөр, Аллах жазалайт”, - деген билдирүү калтырган.
Билдирүү орус тилинде жана орфографиялык каталар менен коштолгон.
Андан ары колдонуучу Кыргызстан президентине кайрылып: “Менин атым Муслим. Мен жакында кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевди өлтүрөм”, - деген.