Кыргызстанда 16-17-октябрда көп аймактарда жамгыр жаашы күтүлөт. Тоолуу жана тоого жакын аймактарда кар жаайт.
Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында нөшөрлөгөн жаан жаайт.
Зым өткөргүчтөргө жана дарактарга суу кар жабышат, жолдордо кар катмарынын пайда болушунан улам тайгак болот. Жолдордун тоолуу бөлүгүндө кар күрткү жаралат. Шамал батыштан секундасына 18-23 метрге чейин жетет.
Аба ырайынын өзгөрүшү мал жайуу, автотранспорттордун иштерин, энергетикалык жана коммуналдык кызматтарды тейлөөнү кыйындатат.