Элчилик билдиргендей, шайлоо комиссиялары төмөнкү даректерде ачылат:

 

1.     Москва шаарындагы Кыргызстандын элчилигинде;

 

2.     Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунда;

 

3.     Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын консулдугунда;

 

4.     Санкт-Петербург, Красноярск жана Владивосток шаарларындагы Кыргызстандын элчилигинин канцелярияларында;

 

Элчиликте КР Конституциясына өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрүлгөн. Анын негизинде шайлоо комиссиясынын курамына 13 адам дайындалды. Алардын арасында элчиликтин кызматкерлери жана Москва шаарындагы кыргызстандыктардын диаспораларыны активисттери бар.