Нарын облустук мамлекеттик акимчилиги 2011/2012-кыш мезгилине карата жыйын өткөрүп, бирок көмүр казуучу ишканалардын дээрлик башкы жетекчилери келбегендиктен улам, жыйын үзгүлтүккө учурап, аны өткөрүү белгисиз мөөнөткө артка жылдырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы Күмөндөр Усуптегин билдирди.

 

«Буга чейин көмүр казган ишканаларда баш аламандуулук өкүм сүрүп келген. Ким кандай кааласа, ошондой иш кылышкандыгын мен билем. Эми экскаваторщик ар бир унаадан 1000 сомдон акча алганды токтотушсун. Түнкүсүн көмүр жүктөө эч качан болбосун. Ал эми көмүр ишканалардын башкы деректириби, же президентиби толук келмейин жыйын жасабайбыз», - деген губернатор Канатбек Муратбеков чогулушту жабык деп жарыялады.
Баракелде