Бишкек – “Саясат.kg”. Ысык-Көл районунун аймагындагы «Рахат» пансионатында 7-август күнү Казакстандын жаранынын тонолушу боюнча Ысык-Көл РИИБ тарабынан кылмыш иши козголду. Жергиликтүү милиция бөлүмүнүн билдирүүсүнө ылайык, Алма-Ата шаарынын үч жашоочусу 1-август күнү эс алууга келишкен. Ал эми 7-август күнү жарым түндө алардын экөөсү кафеден чыгып, көл тарапка багыт алышкан. Болжол менен саат экиде алардын бири, 30 жаштагы Б.Э. пляжда болгон. Ошол учурда 17-20 жаштардагы белгисиз бирөөлөр пайда болушуп, аны алгач сабашкан жана андан кийин тоношкон. Кылмышкерлер жабырлануучунун 8 миң сомун жана чөнтөк телефонун тартып алышкан. Жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу КР ИИМ маалымат кызматы билдирди.

 

Бул окуя боюнча КР КЖКнын 167-беренесинин 2-бөлүгү, 1-3-пункттарына ылайык кылмыш иши козголду жана соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Азыркы учурда аталган кылмышка шектүү адамдар жергиликтүү милиция кызматкерлери тарабынан изделүүдө.
 
Мындан тышкары ички иштер органдары Ысык-Көлдүн курорттук аймактарында коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча иш чараларды күчөттү. Кылмышты иликтөөнү ички иштер министри өзү жеке көзөмөлүнө алган.
 
Мындан мурда КР президенти Роза Отунбаева ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге казакстандык эс алуучунун тонолушу боюнча териштирүүнү тапшырган болчу.