Бишкек – “Саясат.kg”. Ош-Алай автожолунун 9-чакырымында 3 – июль күнү саат 17:30да   КАМАЗ жана Ауди-100 автомашиналары кагылышып кеткен.
 
Бул авариянын кесепетинен ошол жерде АУДИ-100 автомашинасынын айдоочусу, 33 жаштагы Б.Карыбеков каза болгон.
 
Автокырсык болгон жерге КР ӨКМ Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулар тобу барган. Алар тарабынан каза болгон адамдын денеси Ош шаардык ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.