Куткаруучулар 3-июль күнү кечинде Ак-Буура дарыясына агып кеткен Ош шаарынын жашоочусу И. Коровшинди куткарып кала алышпады. Шаардык куткаруу кызматына 3-июль күнү саат 19:20да Ак-Буура дарыясы жээгинде эс алып отурган И. Коровшинди агызып кеткендиги боюнча маалымат түшкөн.
 
Ошол замат окуя болгон жерге жетип барган ӨКМ куткаруу тобунун кызматкерлери бир нече саат боюу издеген менен аны таба алышкан жок. Себеби дарыянын суусу өтө көп болгондуктан, катуу агым куткаруучулардын демейдегидей иштешине мүмкүнчүлүк берген эмес.
 
Булак: Кабар.