Жалал-Абад шаарындагы Барпы-Сеил көчөсүнүн №440 үйүндө жайгашкан балдардын психоневрологиялык ооруканасында 2-июлдан 3-июлга караган түнү өрт чыгып, төшөнчү, жууркандар күйүп кеткен.
 
Ошол эле түнү шаардын Жуматаев көчөсүнүн боюнда 200 м2 чабылган чөп күйүп кеткен.
 
Бул эки тилсиз жоонун тең эмне себептен чыккандыгы белгисиз. Азыр өрт өчүргүчтөр кырсыктын чоо-жайын иликтешүүдө.
 
Булак: Кабар.