Бишкек – “Саясат.kg”. 27-июнда Ош шаарындагы көчөлөрдүн бириндеги үйдүн жертөлөсүндө А. Гүланда аттуу 6 жашар кыздын кыйнап өлтүрүлгөн денеси табылган. Окуя болгон жерге барган Ош шаардык ИИБ кызматкерлери секелек кыздын өтө мыкаачылык менен өлтүрүлүшнө күбө болушкан.
 
Андыктан кылмыштын бетин ачууга баардык күчтөр жумшалган. Сыщиктер ошол эле күнү ырайымсыз мыкаачыны колго түшүрүшкөн. Күбөлөр ошол күнү кечинде саат 21 чамасында алты жашар кызды ойнотумуш болуп жүргөн адамды сүрөттөп беришкен.
 
Милиция кызматкерлери тарабынан  Ош шаарынын мурда соттолгон 26 жашар жашоочусу аталган кылмышка шектүү катары кармалган. Ал ошол эле тегеректе жашай тургандыгы да аныкталган.
 
Бул кылмышка шектүү адам өткөн жылдын март айында жашы жете элек кызды зордуктагандыгы үчүн сот жообуна тартылып, эркиндикке чыгарылган экен. Кылмышкер алгачкы эле сурак учурунда күнөөсүн моюнга алып көрсөтмө берген.
 
Каргашалуу күнү кечинде – 26-июнда алты жашар Гүланда ата-энеси жумуштар менен кеткендиктен, үйдүн короосунда ойноп жүргөн. Зордукчу жаш кызды мышык кармап берем деп алдап башка жакка ээрчитип кеткен.
 
Андан соң үйдүн артындагы бош аянттагы чуңкурга алып келип, муунта баштаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыз алгач зордукталып, андан соң башына кыш менен уруп өлтүргөн. Кылмышкер  изин жашырган.
Ата-энеси кечинде үйгө келишип, алты жашар Гүланданы таппай милицияга кайрылышкан. Бул мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысына байланыштуу КР КЖКнын 129, 97-статьяларынын бир нече пункттарына ылайык кылмыш иши козголду.