Кечээ, 15-мартта болжол менен саат 22:00дор чамасында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 78-79-чакырымдарында көлөмү 2 миң куб метрге жеткен кар көчкүсү түшүп, унаа жол убактылуу жабылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
 
Мындан улам Ала-Бука-Жаңы-Базар багытында бара жаткан 6 даана унаа 18 жүргүнчүсү менен жолдо калган. Унаа жолдун аталган тилкелериндеги кар көчкүсүн тазалоого Унаа жана байланыш министрлигине караштуу ЖЭМ-27 ишканасынан 2 даана бульдозери тартылып, бүгүн, 16-марттын түнү саат 01:00дө унаа жол толугу менен ачылган жана жолдо калган унаалар өздөрүнүн багыттары менен кетишкен.
 
Ошондой эле кечээ, Чаткал районундагы Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 5-9-чакырымдарында 750-800 куб метрге жеткен кар көчкүсү түшүп, унаа жол жабылган. Аны тазалоого Унаа жана байланыш министрлигине караштуу ЖЭМ-27 ишканасынан 2 даана бульдозер тартылган.