Ош, Баткен телеканалдары 2011-жылы бюджеттен 44 миллион сом алган. Бул тууралуу парламенттин жалпы жыйынында Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Динара Молдошева билдирди. 
 
“Облустук телекөрсөтүүлөрдү өнүктүрүү мамлекеттин маалыматтык коопсуздугун камсыздайт. Бул багытта түштүк облустардагы телеканалдарга 44 миллион сом бөлүнгөн. Ал каражаткка аппаратуралар жаңыртылган”,-деди ал.
Д.Молдошеванын айтымында, облустук телеканалдар Кыргызстандын Маданият жана туризм министрлигине караштуу. “Аймактык телекөрсөтүүлөрдү өнүктүрүү боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат”,-дейт Өкмөттүн өкүлү.
 
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда депутат Улукбек Кочкоров Баткен облусунда Кыргызстандын улуттук теле каналдары көрсөтпөй тургандыгын билдирген. Депутат коңшу мамлекеттердин телеберүүлөрүн көргөн балдар мамлекет башчысы катары Ислам Каримовду таанып жатышкандыгын айткан эле.
 
 
Кабар