Москванын мамлекеттик лингвистикалык университетинин Кыргыз тил жана маданият борборунда "Манас" эпосуна арналган ачык сабак өттү. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукееванын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, иш-чарага кыргыз тилин үйрөнүп жаткан орусиялык студенттер жана аталган окуу жайда билим алып жаткан кыргызстандык жаштар катышты. Бишкектен барган манасчылар эпостон үзүндүлөрдү айтып беришти. Талкуунун катышуучулары "Манастын" кыргыз жана дүйнөлүк маданияттагы орду, ролу жөнүндө ой бөлүшүштү.
 
 
 
"Азаттык"