Билим берүү министрлигинин системасына киргизилген электрондук күндөлүк программасынын негиздөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Белгилей кетсек, атайын кызмат санариптештирүүнү орто билим берүү мекемелерине жана аларга тиешелүү жеке ишканаларда киргизүүдө пайда болгон коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча чараларды көрүп жатат. 

Анын алкагында, ушул жылдын 13-мартында окуучулардын жетишкендиктерин көзөмөлдөөчү программанын негиздөөчүсү Б.С.А. өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөмдөрүн жашыруу жана алдамчылык фактысы боюнча кармалды. Учурда ал  УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"Бул программалык камсыздоонун башкы директору жана негиздөөчүсү материалдык жактан байуу максатында бир катар мыйзамсыз иштерге барганы аныкталды. Алар:  кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алуу менен кош бухгалтерияны колдонуп, алынган кирешелер тууралуу жалган маалыматтарды берүү менен салыктарды төлөөдөн качкан. Натыйжада мамлекеттик бюджетке жылына 19 миллион сомдон ашык салык төлөмдөрү (КНС, СС) түшпөй калган. Ошондой эле ишенимге кирип, биргелешкен иштин кирешесинен түшкөн дивиденддерди убада кылып, алдоо жолу менен тең уюштуруучулардан акча каражаттарын өздөштүрүп алышкан.

Учурда бул окуяга тиешеси бар бардык кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат", - деп билдирет УКМК.