2-мартта Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта "Дордой-Дыйкан", "Дордой-Моторс", "Азиз базар", Ош базарында соода кылган ишкерлер нааразылык акциясына чыгышты.

Алар салык төлөөдөгү жаңы эрежелер - товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН), көзөмөл-кассалык аппараттарга (ККМ) жана соода ишмердигине бирдиктүү салык киргизүүгө каршы экенин билдирүүдө.

Нааразы болгондор тамак-аштын дүң соодасы үчүн жаңы киргизилген салык мыйзамы шайкеш келбегенин айтып, "бийлик талап кылгандай суммадагы киреше таппайбыз" деп жатышат.

Алар салык саясаты боюнча талаптарын Жогорку Кеңештин депутаты жана президенттин угуусун талап кылышты. Акцияга чыккандарга Салык кызматынын төрага орун басары Ислам Кыдыргычев чыкты. Бирок акциянын катышуучулары депутаттар талаптарын укпаса, акция Жогорку Кеңештин имаратынын алдында уланарын айтышты.

Быйыл 1-январдан тартып Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлердин товарында товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү болушу шарт, буга чейин кагаз түрүндөгүсү колдонулуп келген. Ал үчүн соодагер Салык кызматынын маалыматтык системасынан “жеке кабинет” ачып, ар бир товарынын коштомо кагазын электрондук түрдө тиркеп турушу керек. Ишкерлер буга чейин да жаңы салык эрежелерине нааразы болуп бир нече ирет акцияга чыгышкан.

Министрлер кабинети салык саясатын реформа кылуудан 2022-жылы 207 млрд. 901,6 млн. сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултканын, бул белгиленген пландан 3,7 млрд. сомго көп экенин кабарлаган.

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТН) – бул жөнөкөй тил менен айтканда, товарларды жөнөтүүчү, алуучу тарап жана жеткирген автоунаа жөнүндө маалыматтарды камтыган электрондук документ. Өкмөт бул товарларды көзөмөлдөөгө, атаандаштыкка шарт түзүп аткезчилик жана контрафакттык товарларды ташууга бөгөт коёрун билдирүүдө.