Эки жылдан кийин өтө турган мааракесине карата атайын жыйнак чыгаруу максатында байкеме байланыштуу топтоп жүргөн материалдардын бир азын окурмандарга сунуштайын.

XIX кылымда эр сайышта курман болгон Шоңко найзакерден төрт уул калат. Улуусу Адырайдан Мамбет жана Кулмат. Экөө дүйнөдөн эрте өтүп, балдары бир үйдө өсөт. Мамбеттин уулу Талгарбек (Бекболот байкемдин атасы), Кулматтын уулу Окин (менин атам).

Бекболот байкем жаштайынан зирек өстү. Биринчи класска киргенден баштап мектепти бүткөнгө чейин староста болду. Жетинчи класста окуп жүргөндө бүткүл союздук "Артек" пионер лагерине барган. Классташ досу Калгожо Аскаров экөө мектепте зоологиялык музейди түзүү, сактоо иштерине жигердүү катышышкан. Музейдин уюштуруучусу Көкөбай Мамбеталиев 1968-жылы Кыргыз ССР мугалимдеринин арасынан биринчи болуп Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын алган даңазалуу педагог. Бекболот байкем мыкты окуусу жана жигердүү коомдук иштери үчүн сегизинчи класста окуп жүргөндө Кыргыз ССР пионерлеринин арасынан биринчи болуп (жана жалгыз) СССР Жогорку Советинин чечими менен "За доблестный труд" медалы менен сыйланган. Тогузунчу класста окуп жүргөндө жаңы уюшулган Нарын облусунун алгачкы комсомолдук конференциясына делегат болуп шайланган жалгыз мектеп окуучусу.

Бекболот байкем Кыргыз мамлекеттик университетин кызыл диплом менен аяктап, андан соң аспирантурада окуп, экономика илимдеринин кандидаты даражасын ийгиликтүү коргойт. Кыргыз ССР Илимдер академиясында илимий кызматкер болуп иштеп, үзүрлүү илимий эмгеги үчүн 1987-жылы кыргыз экономисттеринин арасынан биринчи болуп "Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты" деген наамга татыды.

Кыргызстан эгемендикке ээ болгон кезде экономика оор кризиске кабылганы эсибизде. Мисалы, бир эле жылда (1990-ж.) колхозсовхоздордогу 8,3 миллион баш койдун эки миллиону жок болуптур. Москванын дотациясы соолуп, эсепсиз мал айлык акыга жана бартерге, арзыбаган каражат (үрөн, ГСМ) алууга жумшалган. Айыл чарбага реформа зарыл эле, бирок калктын токсон пайыздан ашыгы ага каршы болчу. Өзгөчө айыл чарба тармагындагы башкаруу, тескөө, текшерүү органдарында иштешкен 65 миңден ашуун кызматкерлер реформага каршы турушкан, аны бурмалашкан, элге жек көрсөтүшкөн. Сураштырсам, эгемендиктин 32 жылында өлкөнүн айыл чарбасын 25 адам жетектептир. Бекболот Талгарбеков бир күн да айыл чарба министри болгон эмес. Ал эки жыл гана министрдин милдетин аткарды. Бирок кыргыз айыл элине жаңы жол чаап бере алды. Ал жол – элет калкын, карапайым адамдарды эркин чарбанын, жер, мал, мүлктүн чыныгы менчик ээсине айланткан түйшүктүү, бирок натыйжалуу жана келечектүү жолу.

Тилекке каршы, 1994-жылы башталган айыл реформасынан бери 29 жыл өтсө да, Бекболот Талгарбеков жасаган эмгектин тарыхый маанисин, социалдык-экономикалык натыйжасын түшүнбөгөн биринсерин адамдар дагы деле кездешет. Алардын пикирин уксак, анда өлкөнүн айыл чарба тармагындагы ийгиликтер отуз жыл жетектеген 24 министрдин "эмгеги", ал эми кемчиликтер эки жыл министрдин милдетин аткарган Талгарбековдун "катасы" имиш. Анда “эмне себептен 24 министр кеткен катаны оңдоп, айыл чарба тармагына жылыга жүз миллиарддаган сом дотация таап берип, колхоз-совхоз системасын ордуна коё алышпады?” деген суроо өзүнөн өзү жаралат.

Постсоветтик өлкөлөрдө көптөгөн жетекчилер рынок экономикасына өтүү боюнча реформа жасап көрүштү. Алсак, орус реформатору Анатолий Чубайстын “ваучер”, "купон", "акция" аркылуу “приватташтыруу” модели баардык өлкөлөрдө, арасында Кыргызстандын өнөр жай тармагын, өндүрүштүк инфраструктураны кыйратууга алып келгени жалпыга маалым. Мезгил таамай тастыктагандай, постсоветтик өлкөлөрдө эки гана реформатордун иш-аракети анык жемишин бере алды. Биринчиси – Кыргызстандын айыл чарбасын Чубайстын моделинен коргоп, айыл элин жердин, малдын, мүлктүн чыныгы ээсине айланткан Бекболот Талгарбеков, экинчиси – Михаил Саакашвили. Экөөнүн айырмасы – реформатор Талгарбеков эки жыл гана министрдин милдетин аткарды, ал эми Саакашвили он жыл Грузиянын президенти болду. Эгер Талгарбеков 2001-2005-жылдары өкмөттү жетектегенде, өлкөнүн калган тармагы да ургаалдуу өнүгүп, балким учурда Грузиядан жогору турмакпыз.

Бекболот байкем 1997-98-жылдары Жалал-Абад облусунун губернатору болуп иштеди. Анын жаны тынбай иштегенин, тазалыгын кең пейил Жалал-Абад калкы эстен чыгарбайт. Сузакта кылымда бир келчү апаат, сел жүргөндө анын кесепетин жоюп, байкем район акими Нурмамбет Токтоматов менен бирге жүз күндө жаңы үч айылды баардык шарттары менен курганы факт. Эл калыс, агам ал жактан кеткенден көп жыл өткөн соң Базар-Коргон районунун Жай-Терек айыл өкмөтүнүн калкы расмий чечим кабыл алып, райборбордон келчү жолду "Бекболот Талгарбеков атындагы жол" деп атайт.

Бекболот байкем бир өрөөндүн же дубандын гана сыймыктуу инсаны эмес, бүтүндөй журттун сыймыгы. Көз карандысыз мамлекет калыбына келген 32 жыл ичинде ийгиликтүү ишке ашкан жападан жалгыз реформанын автору. Айыл чарба, жер-суу реформасынын натыйжасында жаралган жаңы дыйкандар менен фермерлер, эркин чарбага ээ элет калкы кыргыз мамлекетин багып, сактап келатканы бүгүн айныксыз факт. Кыргыз бийлиги, коомчулугу качандыр бир кезде "кыргыз Столыпини" деп айрымдар атаган улуттук реформатордун тарыхый эмгегин түшүнүп, ага Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын ыйгарарынан күмөн санабайбыз. Болгону, биз ал учур отуз эки жылдан соң гана ишке ашарын боолголой алабыз. Анткени биздин өлкөдө тарыхый инсандын эмгеги анын көзү өткөндөн кийин гана бааланат эмеспи.

Туулган күнүңүз куттуу, өмүрүңүз ырыстуу болсун! Кылымга тете эмгек кылдыңыз, кылым жашаңыз, урматтуу Бекболот байке!

 

 Алмаз Кулматов, коомдук ишмер,  "Азия Ньюс" гезити