Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев түнкү тынчтык боюнча мыйзам кабыл алуунун зарылдыгын белгиледи. 

Айтымында, күн жылыгандан тартып Бишкектеги кафе-ресторандардын, түнкү клубдардын иши жанданып баштайт. 

"Анын айынан түндө ызы-чуу көп болот, шаардыктардан уйку качат. А эртең менен жумушка баруу керек. Эгерде сиздер ошондой жерлерде жашасаңыздар, кандай ыңгайсыз экенин билмексиздер. Түнкү тынчтыкты бузгандарды жоопкерчиликке тартуу керек. Бизде түнкү тынчтык боюнча мыйзам жок. Ошондуктан, аны кабыл алуу керек. Бизде санитардык эрежелер бар, бирок ал иштебейт. Ызы-чууну эсептей турган жабдыктар эски. Бюджеттин эсебинен жаңысын сатып алуу керек. Санитардык кызматтардын ыйгарым укугуна тынчтыкты бузгандарды ички иштер кызматына өткөрүп берүү кирет", - деди депутат.