Депутат Шаирбек Ташиев каржы пирамидасын жарнамалагандарга жоопкерчилик киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу парламенттин укук, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин жыйынында белгилүү болду. 

Ташиев элге таанымал адамдар каржы пирамидасын жарнамалагандыктан, карапайым калк аларга ишенип жатканын белгиледи. 

"Каржы пирамидасынын уюштуруучулары белгилүү адамдарды, ырчыларды, блогерлерди жарнамага тартып жатышат. Алардын соцтармактагы баракчасы аркылуу элди чакырышат. Бирок каржы пирамидасын жарнамалагандар жоопко тартылышпайт. Биз аларга 20 миң сомдон 25 миң сомго чейин айыппул салууну сунуштап жатабыз. Же үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралат", - дейт Шаирбек Ташиев. 

Ошондой эле, мыйзам долбоорунун экинчи окуучунда демилгечилер айыппулдун өлчөмүн азайтууну ниеттенип жатышканын кошумчалады. Анын айтымында, 2022-жылдын 10 айында каржы пирамидасы боюнча 766 кылмыш иши козголгон. Зыяндын өлчөмү 366 миллион сомго бааланган.