- МавлянАмангельдиевич, казинолор иштесин деген мыйзамды Жогорку Кеңеш үч окууда кабыл алды. Бирок коомчулукта казинолор ачылып, ишке кирсин дегенден да иштебесин деген  пикирлер үстөмдүк кылып жатат.  Сиз башкалардай айырмаланып, эмне үчүн казинолор иштесин деген пикирди карманып жатасыз?

- Убагында коомчулук мал идентификациясын күлкүгө алган эле. "Койго да паспорт береби" деп. Турмуш чындыгында бул нерсе зарылчылык болуп чыкты го. Анын сыңарындай казино иштетүү да зарылчылыктардын бири болот. Анткени, казино иштесе, акча түшөт. Бир канча адам жумуш менен камсыз болот. Убагында Бишкекте эле 50дөн ашуун түркүн казинолор иштеп турган. Орто эсеп менен эле бир казинодо 100 киши иштеп, аткарган кызматына жараша айлык алган, соцфондго төлөнгөн. Ошондой эле казинолор иштегенде такси, кафе, отель, банктар, акча алмаштыруу жайлар, магазин, базарлардын иши жакшы жүргөн. Ошон үчүн иштетиш керек.

- Бирок казинолор иштесе эл жабыр тартат, кумарпоз балдар карызга батып, ата-энеси кыйналат деген пикирлер да айтылып жатат го?

- Бирок миллиондон ашык жарандарыбыз Россияда иштөөгө аргасыз болуп жатканын эске алалы. Ошондой эле канчалаган жаштар Россияда бузулуп, көчөдө калып, сабалып, өлүп жатканын да эстен чыгарбайлы. Россияга иш издеп кеткен мекендештерибиздин  үй-бүлөсү ажырап, балдар жетим калып, жылдап ата- энесин көрбөй мээримге зар болуп өсүп жаткан  наристелерди да көз жаздымда калтырбайлы. Казинолор иштеп, мамлекетке каражат түшсө, жумуш орундары ачылып, эмгек мигрант болуп кеткен жарандарыбыз азаймак. Балдар ата-эне мээримин жетиштүү алмак. 

- Казино ошончолук эле кирешелүү тармак болсо, эмнеге иштеп аткан казинолор жабылып калган?

- Кыргызстандагы казинолор жөн эле жабылып калган эмес. Геоэкономикалык согуш деген бар. Бизди кубаттуу өлкө болуп кетпесин деген мамлекеттер казинону жаптырыш үчүн учурунда биздин эле журналисттерге, саясатчы, активисттерге  миллиондогон долларларды төлөп, жаздырып, маселе көтөртүшкөн. Терс коомдук пикир жаралганда бийлик жаптырууга аргасыз болгон.

Азыр дүйнө өзгөрүүдө, согуш жүрүүдө. Бизде болсо эмоция, динге аралаштыруу, коркутуу, үркүтүү күчөдү. Экономикалык өнүгүү болмоюн, саясий туруктуулук, геосаясий коопсуздук болбойт. Ооба, 30 жыл ичинде болгон завод, фабрикаларды иштетип, модернизациялап, кен байлыктарды өзүбүз өндүрүп, бай, күчтүү, туруктуу, өнүккөн мамлекет курсак болмок. Анте алган жокпуз. Бирок опурталдуу кезеңде ал эле, бул эле дегенге, коррупцияга, эмоцияга убакыт жок, тез реформаны баштап, өнүгүүгө, мамлекетибизди бекемдөөгө багытталган аракеттерди көрүү зарыл. 

- Ошондо бийликтин казинолорду ачуу боюнча аракети туурабы?

 - Бүгүнкү геосаясий оор абалда, экономикабыздын бардык мүмкүн болгон потенциалын иштетүү аракетин көрүп, казынаны толтуруп, чек арабызды бекемдеп, социалдык төлөмдөрдү көбөйтүү, айлык көтөрүү аракетин көрүшүбүз керек. Анткени, согуштун айынан дүйнөдө кымбатчылык, дефицит күчөп, экономикалык абалды начарлап жатат. Кээ бирлер бүгүнкү күн менен ойлонушса, Президент эртеңки, келечекке кам көрүүсү зарыл.