Кино-тарых

 

2016-жылы Кыргызстанда жарыяланган “Маданият жана тарых” жылы жана Үркүн окуясынын 100 жылдыгынын урматына “Үркүн” фильми тартылды. Мындан 100 жыл мурда падышалык орус бийлигинин зулумдугуна каршы чыгып каза болгон жүз миңдеген ата-бабаларыбыздын арбаганы арналып тартылган бул фильм жеке ишкерлердин демилгеси жана каражаты менен жаралды. Бул тасма бир катар уюмдар тарабынан "Жылдын мыкты фильми" деп таанылган. Бирок ар кандай  искууство чыгармасы сыяктуу эле  тасмада кадрдын арт жагындагы көптөгөн түйшүгү болбой койбоду. Биз ошол жагдайлар тууралуу картинанын директору Эрлан Жамгырчиев менен маектештик.

 

- Эрлан мырза, мамлекеттен бир сом албай, жеке ишкерлердин каражатына тартылган бул фильмди жаратуу оңой болбогондур...

 

- Туура айтасыз, эң эле чоң маселе каражат жагы болду. Ар кандай эле көркөм чыгарманы жаратуу үчүн акыл эмгегинен тышкары чоң суммадагы акча да талап кылынат эмеспи. 2015-жылы октябрда биз курактуу жигиттер “Үркүн” фильмин тартуу боюнча макулдашканбыз. Ошентип техникалык жактан жабдууларды камсыз кылып, чыгармачылык топ түзүлгөн соң ишти жыл жаңырганда, 2016-жылдын январында кастинг жарыялоо менен баштадык.

 

- Эмнегедир бул фильмде башкы ролдорду адаттагыдай  белгилүү артисттер эмес, жаш артисттер менен карапайым эле адамдар ойногондугунун себеби эмнеде?

 

- Анткени биз башкы ролдорду аткарган каармандар үчүн тандоо – кастинг жарыялап гана алдык. Кастингге эл жакшы келип берди. Жалпысынан эки жарым миң киши катышты. Алардын көпчүлүгү айылдык кишилер болду. Башкы каарман – Салмандын ролуна Алайдын Кымбат Алимжанов деген жигитин тандадык. Бирок ал Б.Бейшеналиева атындагы искусство академиясын бүтүрүп, учурда Жаш көрүүчүлөр театрында актер болуп иштейт. Актриса кызыбыз болсо 15 жашар кыз болчу, быйыл 16га чыгып жатат. Экинчи дагы бир актриса кызыбыз Сокулукта турат экен, өзү Баткенден көчүп келиптир. Ал эми башкы ролдорду негизинен кесипкөй эле артисттер аткарышты. Ошол эле Түмөнбөй болуштун ролун мурда, жаш кезинде “Арман” фильминдеги жигиттин ролундагы Жоробек Аралбаев аткарды. Калганы деле Нарын, Баткен жана башка театрларда иштеген артисттер чакырылды. Болгону айтып кетерим, артисттер да, жөнөкөй адамдар да ролдорду аткарышып, аралаш болду. Алар облусттук театрларда иштешип, республикалык деңгээлде таанымал болбой калышы мүмкүн.

 

- Негизги окуялар кайсы жерлерде тартылды?

 

- Көпчүлүк окуялар Көл кылаасында, Дархан, Саруу, Барскоон айылдарынын жогорку Жуку капчыгайында, той болсо жайында Тоң районунун Керген-Таш жайлоосунда тартылды. Бирок биз чыныгы Үркүн окуясы болгон Сөөк ашуусуна жетпедик. Себеби азыр ал жер тегизделип, сүрүлүп, бир топ өзгөрүп калган. Анткен менен ата-бабаларыбыз ошол учурда жогоруда айтылган аймактардан жана Жууку аймагынан өтүшкөн.

 

- Үркүн окуясын Аалы Токомбаевдин “Кандуу жылдар”, кийин толукталып басылган “Таң алдында” аттуу ыр менен жазылган романдарынан окуганбыз. Анда чыгарманын эң кульминациялык учуру Ак өгүздүн ашуусунан эл музга тайгаланып жыгылып, өгүздү союп, канын жайып жиберип өтүшкөндүгү баяндалат. Кинодо да ошондой кылса болот беле? Дегеле фильмдин сюжети кайсы чыгармага негизделди?

 

- Биз билгенден канга караганда тери жөнүндө көп айтылат. Тасмада койлорду союп, терисин музга чаптаганды көрсөттүк. Ал эми сюжетти сиз айткан чыгармага жана эл оозунда айтылып жүргөн сөздөрдүн негизинде түздүк.

 

- Үркүн окуясы 2016-жылы мамлекеттик деңгээлде белгиленип, президенттин атайын Жарлыгы чыкты. Мамлекет тарабынан фильмди тартууга кандай жардам көрсүтүлдү?

 

- Мамлекет тарабынан жер-жерлердеги бийлик тарабынан тиешелүү шарттар түзүлүп берилип жатты. Бирок мен фильм элдин колдоосу, деми, шаңы жана жардамы менен тартылды деп айтар элем.

 

- Бирок массовка жагы каражатка такалып калган жокпу? Себеби биз жогоруда айтылган чыгармаларда жүз миңдеген адамдар кырылгандыгы тууралуу айтылат эмеспи...

 

- Бизде Союз учурунда “Освобождение” жана башка Улуу Ата Мекендик согушка арналган фильмдерге тарбияланган түшүнүк бар. Аларда жайнаган танкалар, адамдар кырылган массалык кадрлар көрсөтүлөт. Ошондой окуялар көпчүлүгүбүзгө жагат экен. Эгер биз да ошондой массалуулукка өтүп кетсек, инсандын образын ача албай калмакпыз. Бул бир киши өлсө трагедия, көп киши өлсө статистика деген түшүнүккө да байланыштуу. Өзүбүз деле 1991-жылы СССР жоюлган, андан кийин 2005-2010-жылдардагы төңкөрүштөрдү көрбөдүкпү. Ал окуялар ар кимибизге ар кандай таасир берди да. “Үркүн” фильминде биз 100 жыл мурдагы окуя айыл элине кандай таасир бергендигин ачалы дедик. Эгер биз деле массага басым жасап алсак, жеке адамга, элге Үркүн окуясынын таасирин ачып бере алмак эмеспиз.

 

- Кино тартууда 10-15 адам роль аткарса, аларды кадрдын артында андан эки-үч эсе көп адамдар тейлейт эмеспи. Болгондо да негизги окуялар тоо-таш менен мөңгүлүү ашууда өткөн кадрларды тартуу бир топ кыйын болгондур?

 

- Ооба, бул жагынан көп кыйынчылыктарга туш келдик. Мисалы, чапан, баш кийимди чоң же кичине болсо да кийип кете бересиң. Бирок өтүк ылайык келбесе кыйын экен. Бизге базарлардан өтүктөрдү арзан же бекер бергендер да болуп жатты. Негизинен элибиздин кино тартылып калсын деген колдоосун сезип жаттык. Ошентип отуруп эле бир топ акча кетип калат экен. Мындан тышкары ата-бабаларыбыздын арбагы үчүн деп коюн союп, сыйлагандар да болду. Эң кызыгы,  “Муну алып келдим эле, балам билбей берип коюптур, акчасын бергиле”,- дегендерге да жолуктук. “Торала атым фильмди тартууга катышты эле”- дейт, жылкылардын жарымы эле торала да, ошол ат бизге келген-келбегендигин да билбейбиз. Баарынан да Салман атын чаап келатып жыгылган кадр бар эмеспи. Ал жери кыска болуп калган. Ошентсе да байкаган адам бери эле дегенде 50-60 миң долларлык мыкты күлүк экендигин билет. Бир эмес эки ирет жыктык. Кокус буту же башка жери жараланса, жарабай калат да. Ошол атын жыгып берген адам мени менен теңтуш Жылдыз деген жигит экен. Өзү Чүйдөн болот. Бир күнү эле ал кечинде “үйгө келип-кеткиле” деп калды. Эми эмне “разборка” болор экен деп чочулап барсак, коюн союп, аябай сыйлабадыбы. Баса, ал кадрлар “Манас” аэропортунун четиндеги кумдуу аянттан тартылган. Мына, элибизде ушундай ак көңүл, берешен, колдон келген жардамын көрсөтүп, колубузду узарткан, духубузду көтөргөн, чарчап-чаалыгып турганда көмөк көрсөткөн мекендештерибиз чыгып, ишибизди илгерилетти.

 

- Мындан башка дагы кайсы жерлерде тартылды?

 

- Эл Кытайга, Кашкарга барган сюжеттер Баткенден тартылды. Салман уйгур соодагерлерин жыга чапкан кадрлар “Уркуя” фильми да тартылган бойдон сакталып калган жерде тартылды. Мен ошол жигитке учурдан пайдаланып чоң ыраазычылык билдирип кетким келет. Ал ата-бабамдын жашаган жери деп айрым тарыхый имараттар бузулуп кетсе да, бир азын сактап калыптыр. Тандыр, уйдун дубалга чапталган тезеги жана башка картиналар дап-даяр бойдон экен. Буюрса, ал жерде башка да кинолор тартылат деп ойлоймун.

 

- Ал эми Учейфунун ролун аткарган артистти кайдан таптыңар?

 

- Учейфунун окуясы да кызык. Ал өзү музыкант экен. Нарындын баласы. Үркүн окуясындагы Тайлак, Атантайдын Атантайдан тараган урпагы болуп чыкты. Тагдырдын тамашасы менен 100 жылдан кийин ата-бабалары башынан өткөргөн окуяны тасмада тартууга катышып жаткандыгы да бекер эместир.

 

- Фильмде орус каармандар да бар го. Алар тууралуу да айтып берсеңиз?

 

- Көркөм чыгарма болгон менен тарыхый окуялар менен фактылардын негизинде тартылбаса, чындыктан четтеп кеткен болбойбу. Мисалы, Сашке деген карапайым кыргыздар менен чогуу жашап, аларга жан тарткан орус жигит образдуу түрдө тандалды. Мен өзүм чүйлүк Жамгырчы манаптын ролун аткардым. Көлдүк Байгазы нак эле бугу уруусунун кулуну. Ушулар экөөсү гана тарыхый каармандар. Бир чети бизде атаандашмай адат бар эмеспи. Андыктан баарын эле тарыхый кылуу деген утопия. Кечээки эле 2010-жылдагы окуянын аныгына жете элекпиз го...

 

- Канча убакытта тартып бүттүңөр?

 

- Кастингди 12-январда өткөрүп, 31-августта тартып бүттүк. Бирок уруксат бербей коюп, октябрда гана кинотеатрларда көрсөтө баштадык.

 

- “Үркүндүн” башка фильмдерден айырмасы, элдер менен мамлекеттердин ортосундагы мамилеге таасири бар. Ушул жагы кандай чечилди?

 

- Биз кээде өтө акылдуу болуп, айрым жагдайларды салмактап карабай коёбуз. 70 жыл мурда болгон экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу тартылган кинолордо орустар немистерди кандай мыкаачы кылып тартууда. Ошол эле учурда немистердин машинасын минип, алар орустардын газын сатып алып, мамлекеттер ортосундагы мамилеге эч кандай зыяны жок. Ал Үркүндөн да жаш, отуз жылдан кийинки окуя болуп, Үркүндөн кайтып келген кыргыздардын Чолпонбай сыяктуу баатыр балдары Россияны коргоп жатпайбы. Мындан тышкары чечендер менен согуш тууралуу да тартылууда. Экинчиден, ал кезде башка бийлик, падышалык орус мамлекети болгон. Андан орус эли өзү да зыян тарткан. Биз кээде кайгыбызды кошуналардан эмес, өзүбүздөн көрүшүбүз керек. Кытайга барганда деле элибиз жыргап кеткен эмес. Азыр деле ынтымактуу болуп, мамлекетибизди көтөрүшүбүз зарыл, ошондо учурдагы кыйынчылыктардан чыгып кетебиз деп ойлоймун.

 

- Эрлан мырза,  азыркы кыргыз киносуна кандай баа бересиң. Анткени “Курманжан даткадан” кийин тарыхый окуяларга көп көңүл бурулууда. Ошол эле учурда мамлекет бул тасмаларды тартууга акча бериш керекпи?

 

- Менин жеке пикиримде кандай гана кино болбосун жеке каражатка тартылганы жакшы. Себеби бюджет кабыл алынып, депутаттар бекитип, көптөгөн макулдуктарды алыш керек. Бүгүнкү күндө мамлекеттин мойнунда кинодон башка деле толгон-токой түйшүгү бар. Аш-тойлор деле мамлекеттин эсебинен каржыланып, терс жагдайларды берүүдө. “Курманжан датканын” бюджеттик акчага тартылгандыгы өз жемишин берди. Биз болсо жеке акчага тарттык. Негизги демөөрчү Тоңдун кулуну Нурбек Айбашов болду. Болот Берикбаев жардам берди. Мен да мүмкүнчүлүгүмө жараша салым коштум. Эми “Саякбай манасчы” да жеке каражатка тартылып, апрелде коюлат деп жатат. Тарыхый темаларга көп кайрылып жаткандыгынын себеби,  бир кезде бул темага тыюу салынгандыктан болууда.

 

- Келечекте Иран менен биргелешип кино тартууга пикириңиз кандай?

 

- Эгер ушул идея ишке ашса, эң жакшы болмок. Тарыхта иран-туран деген болгон. Албетте, байыркы перстердин миңдеген жылдык тарыхы бар. Кыргыз эли да бир кезде өз империясын курган байыркы эл болобуз. Ошондуктан келечекте бул багытта чоң тарыхый тасма тарта алабыз деп ишенем.

 

- Эрлан, силердин негизги кесибиңер эмне, киного кантип аралашып калдыңар?

 

- Менин үч дипломум бар. Ошондуктан кайсы кесиптин ээси экендигимди өзүм да билбеймин. Сыягы, кыргыздар айткандай, дээримде болсо керек. Учуру келгенде 1990-жылдары жазган архивимди ачсам, көп нерселер ачыкка чыгат го.

- Келечекте да кино тартуу пландар барбы?

 

- Азырынча “Мамалак”, “Номер семь” деген жаштарга арналган долбоорлор түзүлүүдө. Эгер шарты келип калса, манапчылык тууралуу фильм тарсам деген ой бар. Мени бай-манапчылык деген большевиктик пропаганда ардантат. Кыргыздарда эгер ошол учурда бай-манаптар бийликке келгенде балким, мындан жакшы жашайт белек? Кыргыздар эч качан өз жеринде басмачы болгон эмес. Басмачы эл аралык термин менен айтканда “оккупантты” түшүндүрөт. Анан кантип өз жеринде жашаган кыргыз басмачы болуп калат?

 

- “Үркүн” көрүүчүлөргө аз көрсөтүлүп жаткан жокпу? Каалагандар кайдан көрө алышат?

 

- Ушул маселеге келгенде башка пикирим бар. Эгер өкмөт столду муштагылап мажбурласа, элдин баары азыркыга чейин көрүп калмак. Азыр аз-аздан айрым кинотеатрларда коюлууда. Көрүүнү каалагандар мага чалып билип алышса болот (0773-777971).

 

Маектешкен Эмилбек Момунов

Булак: “Майдан.kg” гезити, №08 (286), 8-март 2017-жыл.

 

Тема: