Бой таштап магнитофондун парасына

   

 

 

Атагы таш жарган Рыспайдан кийин обон дүйнөсүндө Түгөлбай Казаков, Токон Эшпаев, Кудайберген Темиров сыяктуу таланттар тизгин талашып чыккандыгы маалым. Асанкалый Керимбаев булар менен бир мезгилде үзөңгү теминген менен, аркан бою артыраакта келаткандай сезилчү. Анан эле сексенинчи жылдардан баштап эл жүрөгүнө жакын обондорун оболотуп, маарага жакындаганда гана тулпарынын ооздугун койо берген чабандестей беркилерден оозуп кетсе болобу. Анын биринин артынан экинчи, үчүнчү, төртүнчү... айтор, катар-катар чыгарган кусалуу обондору Ала-Тоону аралап, эфир бетин ээледи да калды.  

  

Манап “отуруш”

 

Асанкалый акенин обондорун эл чаңкоолору канбай рахаттана угуп жаткан кезде, мен үйүнө барып калдым, Ленин атындагы заводдун жатаканасында чогуу жашаган эки курдашымды ээрчип. Барсак, обончу үй-бүлөсү менен телевизор көрүп олтурган экен. Саламыбызга алик алган соң, “отургула” дегендей белги берди да, экрандан бир топко чейин көзүн алган жок.

 

Мен телевизор тиктемиш болгонум менен, Асанкалый акеге улам көз кыйыгымды салып, ичимден минтип ойлонуп олтурдум: “Атактуу киши деле бизге окшоп телевизор көрөт турбайбы, тообо! Аябай эле толмоч экен. Отурушу бай-манапты элестетет. Керимбай болуштун небереси деген чын окшойт. Айылга барганымда Керимбаевдин үйүндө болгонумду айтсам, туугандарым ишенишээр бекен?”.

Аңгыча, көгүлтүр экрандагы сүйүктүү көрсөтүүсү бүттүбү, Асанкалый аке менин теңтуштарымды суроолуу карады:

 

- Ко-ош, балдар?..

 

Балдардын бири мени көрсөттү:

 

- Байке, бир сатирик бар деп айтпадык беле. Ошол жигит - ушул.

 

- Жакшы-ы...  Анда, иним, ордуңан турчу... бизди кара. Эми өзүңдү сахнадагы артист деп элестет. Биз – сенин көрүүчүлөрүңбүз. Кана, эмесе, бизди күлдүрчү.

Мен ордуман турдум да, сүрдөп жатып өзүмдүн сатираларыман бирөөнү баштадым:

 

“Телевизордон согуш тууралуу кинону көрүп олтуруп уктап кеткен элем, туугандар, түшүмдө пленге түшүп калыпмын. Эки колум артыма байлануу. Айланамда каскалары калдайган-калдайган, курсактары чандайган-чандайган фашисттер жүрүптүр...”

 

Ушуга улай дагы бир-эки сөзүмдү айтканымда эле Асанкалый аке каткыра баштаса болобу. Юморлук сезими абдан күчтүү экен. Кээ бир адамдарды кытыгылап да күлдүрө албайсың го. Мен эми өзүмө келип, жеңилдей түштүм. Үй ичи күлкүгө толуп турду. 

 

Андан бөлөк дагы бир тамашамды угуп көрүп, Асанкалый аке:

 

- Жарайсың! Эми бирге иштешебиз. Эл аралашыбыз керек. Мен беш-алты ырды аткарып, чарчаган учурдарда, сен сахнага чыгып, элди күлдүрүп турушуң керек,- деди.

 

Арадан көп өтпөй, айыл чарба институнун студенттерине концерт коюп бердик. Анан университетке... Андан кийин түштүктү көздөй гастролго чыктык.

 

- Мүнөзүң жагып калды, иним. Таланттуу, кыйтырлыкты билбеген, жандүйнөсү таза адамды издеп жүргөм. Өзүң да сахнага бат эле көнүп кеттиң. Эми сен экөөбүз өмүр бою иштешсек болот,- деп калды атактуу обончу, күндөрдүн биринде.

 

Тилекке каршы, ал кишини ээрчип бир ай гана жүрүп, шартка байланыштуу айылга кетип калдым. Ошол аралыктын ичинде Асанкалый акенин чоң талант гана эмес, жөнөкөй, бирок бийик адам экенине күбө болдум. Бой көтөрбөгөн адам эле. Ал тургай, ар бир кыргызга таанымал экенин сезчү эмес. Бир жолу Кара-Суу районунун бир колхозунун башкармасынын оозунан  “сизди тааныйм” деп айткан сөзүн угуп, “чын элеби?”- деген таризде таң калган. Эгер анын ордунда азыркы “жылдыздардын” бири болгондо:

 

- Мени эмнеге тааныбайт экенсиң? Тааныганга милдеттүүсүң! – демек.

 

Эмесе, кечээги күн – Асанкалый Керимбаевдин туулган күнү экенин эстеп, жаркын элесине таазим этүү менен бирге, 1989-жылдагы бир айлык гастролдо жүргөн кезибиздеги айрым окуяларды сиздерге айтып берейин, урматтуу окурмандар.

 

Мени тааныйсыңарбы?

 

Асанкалый аке, Манас Сайдинов деген куудул үчөөбүз Оштун көчөлөрүнүн биринде баратканбыз. Аккордеонду мен көтөрүп алгам.

 

Аңгыча, каршыбыздан чыккан бейтааныш жигит бизге бажоо салам айтты:

 

- Ассалоому алейкум! Кандайсыңар?.. Мени тааныдыңарбы?

 

Биз бири-бирибизди тиктедик, “менин таанышым эмес, сеникиби” деген кыязда.

 

- Эмне, чын эле мени тааныбадыңарбы?

 

- Сен ким элең?

 

- М-м... Ушунтип бат эле унутуп калганыңар кызык да. Мындан он беш күн илгери силер биздин айылга концерт коюп барганыңарда мен өз чөнтөгүмөн билет алып кирип, 1000ге чукул көрүүчүнүн арасында аябай кол чаап отурбадым беле. Эми эстедиңерби?

 

Асанкалый аке чын дили менен каткырды.

 

Асакемдин оозун күйгүзгөм

 

Асанкалый аке “кант диабети” менен ооругандыктан тез-тез чай ичип отурчу. Ток чайнегин дайыма ала жүрөт. Көрсө, диабет дарты адамдын тамагын кургата берет турбайбы. Сахнада бир-эки ырын аткарган сайын, көрүүчүлөргө “дүркүрөтө” кол чаптырып койот да, көшөгөнүн далдоосуна келип, чайдан ууртап-ууртап алып, микрофонду көздөй кайра жөнөйт.

 

Бир жолу, Ош драма театрында чай камдап турууну мага дайындап коюшту. Мен болсо, бул тапшырманы унутуп калыпмын. Бир маалда эле:

 

- Келатат. Бол, чай даярда, - деп калышты, сахналаштарым дүрбөп.

 

Көрсө, чайды даярдап гана тим болбостон, чыныга куюп, суутуп да туруш керек экен. Мен болсо, чайды ысык боюнча эле сунуп жибербедимби. Бул убакта көрүүчүлөр Асакемдин дартын, убактылуу жашырынган себебин билбей эле “наазданып” атат деп ойлошуп, сахнага кайра чыгышын сурана “шатырата” кол чаап атышкан. Албетте, мындайда көшөгөгө кирген бойдон кайра чыкпай коюу – элдин шагын сындырган болуп эсептелет. Шаша-буша басып келип, ысык чайды ууртап жиберген обончунун көздөрүнөн жаш чыга түштү.

 

 

Кара-Суунун Сары-Колот айылынын клуб башчысы концерттен соң бизди үйүнө чакырып, сыйлап калды. Бир кой союптур. Үйүнө келген атактуу адамдын үнүн жаздырып калып, сыймыктанып жүрүү үчүн айылдаштарынан сураштырып атып “Электроника” деген магнитофон да таап келиптир. Дароо эле “запись” деген кнопкасын басып, ырдап берүүсүн өтүнүп жиберди эле, бир аз кызымтал болуп калган Асанкалый аке болбой койду.

 

Анан Афтандил Сатылганов:

 

- Эмесе, мен ырдап берейин,- деди да аккордеонду асынып, Рыспайдын “Кайра келчи” деген ырын “созо” баштады.

 

Магнитофондун чакан кассетасынын лентасы айланып, ар бир үндү жазып атат. Чындыгында, Афтандил деле кызуу болчу. Ырдын жарымына келгенде адашып кетти эле, көөшүлүп олтурган Асанкалый аке чочуп кетип эркектин уяттуу сөзүн айтып кыйкырып жиберсе болобу. Ошол замат кыз-келиндер беттерин баскан бойдон бөлмөдөн сыртка атып чыгышты. Эркектер болсо, каткырып эле жатып калышты.

Ыр бүткөндөн кийин магнитофондун лентасын артка түрдүрүп, ырды угуп көрдүк. Дурус эле жазылыптыр. А түгүл, Асакемдин айкырыгы да...

 

Орозбек БӨРҮГУЛОВ

Булак: “Майдан.kg” гезити