- Мода сиз үчүн?
 
- Турмушка чыккандан кийин модельдик карьера бүтөт десем болот. Негизинен эле модель болу мага абдан жакчу, бирок, баары бир бул нерсени хобби катары кабыл алчумун. Тактап айтканда бала кезимен эле кыялданчумун дегендей. Анткени, боюм кичинекейимен эле узун болчу. Ошондуктанбы моделдердин боюнун узундугун көрүп, мен дагы чоңойгондо модель болсом дечүмүн.
 
- Эмнеден коркосуз?
 
- Жыландан корком. Айрым адамдар өлгөн кишиден коркпой, тирүү кишиден корк деп айтып коюшат го.  Бирок, мен арбактардан анан шайтандардан аябай корком.
 
- Жактырган саясатчыңыз?
 
- Аида Салянованы жактырам. Ал абдан адилеттүү, калыс киши деп айткым келет. Ошондой эле  токтоо мүнөзүн, жасаган иштерин баалайм.
 
- Сулуу айымдар ийгиликке бат жетишет дегенге кандай карайсыз?
 
 - Мен буга кошулам. Негизинен кайда болсо дагы жумушка алаарда да биринчи кебетесин карайт эмеспи,  тактап айтканга сулуулугуна көбүрөөк басым жасашат. Эгерде, эки кишинин билими дэңгээли бирдей болуп бирок,  бирөөсү сулуурак болсо, албетте сулуусуна  карашат.
 
-Мода шоу бизнестеги сулуу жаш кыздардын саясатчы бизнесмендерге экинчи аял же көңүлдөш болушуна кандай карайсыз?
 
- Мен буга карышымын, бул эми албетте, менин жеке оюм. Бирок, ар бир адам өз жашоосун өзү тандайт да.
 
- Айдай чырайды иттей кыял бузат дешет, сиз кандай ойлойсуз?
 
- Ооба мен деле кошулам. Анткени, адам канчалык сулуу болсо дагы кыялы жаман болсо өзүнө тартпайт. Жадагалса мындай адамдар менен сүйлөшкүң да келбейт.  Ал эми кебетеси деле  сулуу эмес, бирок, мүнөзү жакшы болсо ал адамга тартылып турасың да.