Бишкек шаарында алтынчы жолу өтүп жаткан даректүү тасмалар фестивалына бир нече мамлекеттерден кинорежиссерлор, укук коргоочулар жана журналисттер келишти. Алардын бир тобунун тасмалары “Бир дүйнө” фестивалында көрүүчүлөргө тартууланды. Учурдан пайдаланып, сырттан келген меймандар менен баарлашууну туура таптык. Себеби, чет элдик документалдуу тасмалардын арасында да кыргыз коомчулугун кайдыгер калтырбаган кинотасмалар арбын болчудай.



Мусулман адам гей болушу мүмкүнбү?

Крисс Белони, Нидерландиядан келген кинорежиссер. Анын “Мен мусулманмын жана геймин” аттуу тасмасы али көрүүчүлөрдүн назарына түшө элек. Бирок, анын аталышы эле мусулман дининин өкүлдөрүн дурбөлөңгө салууда. Эмесе, режиссер менен баарлашууга назар салсак.


- Крисс мырза, Кыргызстанга кош келипсиз. Сиз бул фестивалга алып келген тасма тууралуу кеп кылсак. Мусулман адамдары менен көгүлтүр адамдын ортосунда байланыш болушу мүмкүнбү? Сиз бул фильмди тартаардан оболу мусулман дин өкүлдөрү менен акылдаштыңызбы?


- Албетте, бул оор суроо экен. Мен имамдар менен дагы, социологдор менен дагы сүйлөшкон жокмун. Болгону жаш мусулман балдардын турмушун иликтеп, алар менен пикир алыштым. Алар өздөрүнүн диний ишенимдери жана сексуалдык ориентациялары тууралуу айтышты. Алардын бир эле убакта мусулмандар жана көгүлтүрлөр экендигин билдим. Алар муну Курандагы кандайдыр бир аракеттери үчүн жазага кириптер болгон бир адам менен байланыштырышат экен. Түштүк Африкадагы бир имам менен сүйлөшсөм, бул эки нерсе бири-бири менен эч качан байланышпай тургандыгын айтты. Себеби, куранда гомоксексуализм тууралуу эмес, эркектин эркекке карата зомбулугу тууралуу айтылыптыр. Албетте, бул бири-бирине карама-каршы нерсе, Куранда эркек адамдардын бири-бирине карата сүйүүсү тууралуу айтылбайт.


-  Андай болсо, тасманын идеясы эмнеде?


- Тасманын башкы идеясы гомоксекусализм - бир жыныстагы эки адамдын сүйүүсү, ага эчт ким тыюу сала албайт тургандыгында. Көптөгөн адамдар бул тууралуу сөз кылганда дароо эле эркектердин ортосундагы жыныстык катнашты ойлошот. Бирок, бул андай эмес. Бул эки адамдын ортосундагы сүйүү дегенди гана тушүндүрөт.    


- Бул кино канча өлкөдө көрсөтүлдү?


- Ондон ашык европалык өлкөлөрдө көрсөтүлдү. Мусулман динин тутунган мамлекеттердин ичинне Кыргызстанда биринчи жолу көрсөтүлмөкчү. Үч жумадан кийин Ливан көрүүчүлөрү үчүн сунуш кылынат.


-  Мусулман өлкөлөрү бул тасманы көрсөтүүгө тыюу салышы мүмкүн деп ойлогон жоксузбу?


- Мен Джакартиде көрсөткөнгө аракет кылдым. Ал жакта тыюу салышкан жок. Бирок, Мароккодо каршылык көрсөтүүлөр болушу мүмкүн.

Бакиевти баш калкалаткан белорус ким?

Дагы бир мейман  55 мүнөттүк “Белорус кыялы” тасмасынын режиссеру Екатерина Кибальчич. Ал журналисттер менен болгон брифингде “биз силердин экс-президентиңер Бакиевти баш калкалатып алдык” деп тийиштик кылып оттү. Ал тарткан тасма Белоруссиянын президенти Александр Лукашенконун башкаруу режимине чекит коюуну көздөп, үмүттөнгөн адам туурасында тартылган.

- Сиздин бул фестивалга катышып жатканыңыздын себеби эмнеде?


- “Белорус кыялы” тасмасын көрсөтүү сунуш кылынган фестивалдар көп болду. Бирок, үй-бүлөлүк шартка байланыштуу катыша албай калгам. Бул жолу Кыргызстанда өтүлө тургандыгын угуп, атайын келдим. Себеби, Кыргызстан революциялардын өлкөсү болгондуктан, мен үчүн кызыктуу сезилди.  


- Белорусия менен Кыргызстандын окшоштуктары, жалпылыктары барбы?


- Чындыгында, эки өлкөнүн жалпы окшоштуктары көп. Кандайдыр бир “кыргыз кыялы” да болушу толук мүмкүн. Мен тарткан тасмада авторитардык режимде он жети жыл жашаган адамдын кыялы баяндалат. Ал дагы эркиндикке умтулат. Тсама, ишке ашпай калган революция тууралуу. Кыргыз көрөрманы үчүн бул тасма жакын болушу мүмкүн. Анткени, биринчиден, биз бир мамлекеттен болүнүп чыкканбыз, экинчиден, Бакиевти кандай мамлекет баш калкалоого алгандыгы баарына эле кызыктуу болууга тийиш. Албетте, окшоштуктары менен катар менталитети, кырдаалдары ар башка.


- Белорусияда Кыргызстандагы болуп өткөн революциялар тууралуу айтылабы?


- Телевизор аркылуу силердин өлкөдө болуп өткөн революциялардагы кадрларды көрсөтүп, элди коркутушат. Бул биринчи революциядагыбы, же экинчи болуп өткөн революциядагы кадрларбы, албетте, мен билбейм. Ошентсе да, “мына, силер ушуну каалап жатасыңарбы? Силер да ушулардай болгуңар келеби?” деген таризде кызуу, кандуу окуяларды эпизоддордо көрсөтүп өтүшөт. Деги эле Белорусия элин Кыргызстан менен коркутуп турушат.


-    Сиз тарткан фильмде Кыргызстан тууралуу да айтылганбы?


-  Жок. Бирок, кардрларда Бакиевдин Лукашенконун достору тууралуу сөзү да учурайт. Бирок, Кыргызстанга тийешелүү айтылган сөз эмес.   

Кыргыз тилинде түш жоруган немис айым

Мирриам Леузе бир нече жыл Кыргызстанда жашаган. Кыргыз элинин турмушу, салт-санаасы менен жакындан тааныш. Ал гана эмес кыргыз тилинде түш жоруйт. Бул фестивалга үчүнчү жолу катышып жатат. Бизге кыргыз тилинде маек куруп берди.

-  Мирриам, алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.


- Менин кесибим журналист, документалдык режиссер. Бул жолу тренинг өткөрүү үчүн келдим. Германиянын Келн шаарынан болом.


- Сиз Кыргызстандын кайсы жактарында жашагансыз?


- Мен Ат-Башыда үч ай жашадым. Андан кийин Талас областында жашадым. Өткөн беш-он жылда Кыргызстан абдан өзгөрүүгө учураган. 2002-2008-жылдары жашоо аябай оор болгонун байкадым. Жөнөкөй кишилер кымбатчылыкты көрдү. Революциядан киийн байкадым, жашоо бир аз жакшыраак болуп калды. Бирок, көп кишилер дагы эле абдан кыйналып жатат.


- Азыркы өтүп жаткан фестивалдын Кыргызстан үчүн мааниси канчалык?


- Мен ойлойм, адам укугу боюнча документалдуу фильмдер керек. Анткени, бул жактагы көп кишилер дүйнөдө эмне проблемалар бар экендигин көп билишпейт, маалымат ала алышпайт. Бул кыргыз коомчулугу үчүн талашып-тартышып, бир пикирге келүү үчүн  жакшы.нерсе.


- Фестивалда көрсөтүлүүчү документалдуу тасмалардын кайсынысы кыргызстандыктар үчүн пайдалуу болушу мүмкүн деп ойлойсуз?


- Бул режиссер Мика Пеледдин “Ачуу уруктар” деген фильми. “Мун сан ту” деген дүйнөлүк компания уруктарды сатат. Бирок, бул уруктар бир жылдан кийин өлүп калат. Фермерлер жыл сайын кайра жаңыртып сатып алууга аргасыз болушат. өзгөчө индиялык фермерлер ошонун айынан кедей болуп калат да, өздөрүн өлтүрүүгө барышат. Бул Кыргызстандын фермерлери үчүн абдан кызыктуу болушу керек. Анткени, алар “Мун сан ту” компаниясынын уруктарын билишпейт. Бирок, ал аябай жакшы урук. Аны сатып алышат да, банкрот болушат.

- Кыргызстандагы аял укуктары тууралуу кандай пикирдесиз?


- Кыргыз аялдарынын арасында ала качуу абдан актуалдуу тема. Мен билгенден, бир жарым жыл мурда Караколдо ала качып кеткен кыздардын экөө өзүн-өзү өлтүрдү. Бул боюнча Караколдо пикет болду. Мен ойлоп атам, Кыргызстанда ошол салт жөнүндө сүйлөшкөнү, ачык айтышканы жакшы.

Ислам кеңешине каршы чыккан аялдар

Ошондой эле дагы бир маектешибиз индиялык режиссеру Дипа Данрай айым. Анын Кыргызстанга биринчи жолу келиши. Ал өзү тарткан «Ачыкка чыгуу» тасмасы тууралуу буларга токтолду: 
 
- Индиянын түштүк аймагында атактуу эркектерден түзүлгөн “Ислам кеңеши” жамааттар бар. Бул жакка аялдарга келүүгө тыюу салынган. Үй-бүлөлүк чыр-чатактар болсо да, сотко аялдын ордуна эркек барып жооп берет. Андыктан, ар кандай калыс эмес чечимдер чыгып калат. 2004-жылы өз тагдырын ойлогон аялдар чогулуп, өз жамаатын түзүп алган. Анткени, алар эркектердин алар үчүн чыгарган чечимдерине канааттанышкан эмес. Негизинен, бул тасма “Чындыкка умтулуу” деген аялдар жамаатынын түзүлүшү тууралуу.
 

 

- Кыргызстан сизге кандай таасир калтырды?
- Менин Кыргызстанга биринчи жолу келишим. Бул өлкө тууралуу кабарым аз. Бирок, абдан жакшы кабыл алышууда. Кыргызстанда эки революция болуптур. Мен ойлойм, маданият аркылуу адам укугун чагылдырган бул фестиваль жеке эле Кыргызстан эмес, Тажикстан жана башка өлкөлөр менен байланыштырган чоң окуя болот.

 

Г.Турдалиева