Орусиянын СТС телеканалы Бишкек шаары жана «Город 312» тобу тууралуу кино тартат. Бул тууралуу «Город 312» тобунун солисти Светлана Назаренко билдирди.

 

«Бишкекке биз менен бирге биз жана биздин сүйүктүү шаарыьыз тууралуу кино тартуу максатында СТС телеканалынын тартуу тобу келди. Бул кинону татууга үч күндөн кем эмес убакыт кетет. Октябрдан аягында ал фильм орусиялык теле канал аркылуу элге тартууланат», - деп билдирди С. Назаренко.

С. Назаренконун сөзү боюнча, алар өздөрүн кыргыз тобу катары сезишет жана Кыргызстанды Орусия жана башка мамлекеттерге таанытып келүүдө.

«Шаар күнүнө арналган концертте бир нече жаңы ырларыбызды элге тартуулайбыз, сиздерге жагат - деп ойлойм. Биздин концертибиз бир сааттан ашпайт», - деп билдирди С. Назаренко.

Белгилей кетсек, «312» - бул Бишкек шаарынын коду, ал эми топтун катышуучулары да дал ушул шаардан. Шаардыктардын ысымдары Ая, Дима, Маша, Леон жана Ник. Алар мыкты хитке айланган ырларын өздөрү жаратышкан. Өзгөчө алар кино-фильмдердин саундтректерин жакшы ырдашат. («Дневной дозор», «Питер FM», «В ожидании чуда», «Ирония судьбы. Продолжение», «Чужой против хищника. Реквием»). «Город 312» тобу беделдүү музыкалык сыйлыктардын лауреаттарынан болгон: «Алтын граммофон», «Жылдын ыры», МузТВ сыйлыгы, MTV Russian Music Awards, MTV Кино сыйлыгы, ZD Awards жан башка сыйлыктар.
 
КырТАГ