- Марлен Абдырахманович, эгер тажиктердин шартына көнүп, жол салууга макулдук берсек, стратегиялык катачылыкка жол берилип, Лейлек анклав болуп калабы?

- Жол боюнча сөз кыла турган болсок, негизи тажиктерге анклавга кирип-чыгууга шарт түзүп беришибиз керек. Бирок, ал жол 100 пайыз Кыргызстандыкы болуш зарыл. Тагыраагы, жаңы курула турган жол биздин баланста болуп, толугу менен зым менен курчалып турушу шарт. Лейлекти анклавда калтырбаш үчүн сөзсүз түрдө 3-4 жерден биздин жолдор менен кесиле турган кылып, кесилген жерин шакекче менен бири-бирин тосо албай тургандай  курушубуз керек. Ошондой эле ал жолго кирип, чыккан жерине пост коюлушу шарт. Жолдун калган жерлерин зым менен тосуп коюшубуз керек. Акча гана жок да. Болбосо Ворухтан Исфарага чейинки жер 30 км экен. Ошону деле мост аркылуу жол кылсак, үстүнөн өтө турган жол болуп калмак. Бирок, сөзсүз жолго кирип жатканда дагы, чыгып жатканда дагы пост коюлушу керек.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасы боюнча мамлекеттик комиссиянын протоколуна ылайык, Тажикстанга тийиштүү Ворух анклавына Баткен районуна караштуу Капчыгай айылынын чыгыш тарабынан айланма жол куруу пландалган. Узундугу 3,5 км. Жол толугу менен Баткен районунун балансында болуп, ал тажик тарапка пайдалануу үчүн гана берилет. Анын курулушу бир гана шартта башталат: анүчүн анклавдын айланасындагы чек ара толугу менен чийилип, бекитилиши абзел.