Башкы мыйзамдын жаңы долбоору  саясатка, мамлекеттик түзүлүшкө  аздыр-көптүр кызыккан жарандардын бирин да кайдыгер калтырбады. Анткени, анын айрым бөлүмдөрүндө, беренелеринде саясый системаны кайра курганга тете идеялар жарыяланды. Ошондуктан,  Долбоорго айрымдар, өзгөчө аракеттеги Баш мыйзамды сомдогонго катышкандар жана анын “дивиденддери” менен жашап келаткандар категориялуу түрдө каршы чыгышып, ашкере кызууланышса, калкыбыздын көпчүлүгү Баш мыйзамга алымча-кошумчаларды киргизүүнүн зарылдыгын моюндашып, конкреттүү бөлүмдөр, беренелер боюнча өз сунуштарын айтышууда. Биз Баш мыйзамга байланышкан мурдагы процесстерди да, азыркыларын да сырттан байкап турган менен өлкөнүн, элдин кызыкчылыктарына, эртеңибизге кайдыгер карабаган,  бул маселе боюнча, мурдатан ой калчап, кээде ЖМКлар аркылуу пикирлерибизди билдирип келаткан жаран катары  конкреттүү сунуштарыбызды айткыбыз келет.

Мурдагы Конституция кимдердин кызыкчылыктарын көздөгөн?

Мурдагы Баш мыйзам - ошол кездеги аябагандай оор саясый, экономикалык кризистик көрүнүштөрдөн чыгуу, “временщиктер” деп аталган топтун мүчөлөрү бири экинчисинен бийликти аябай кызганышкандыктан, бирөөсүнүн төбөсү башкалардыкынан жогору чыгып кетпеши үчүн теңдемечилик,  утурумдук максатта кабыл алынган гана акты болгон. Ошон үчүн, эгерде “Кедейканша” өтө эле оолугуп баратса, анын тизгинин дароо тартып коюу үчүн жалпы элдик добуш берүүдө  атайын бюллетенге аты-жөнүн киргизишпестен Баш мыйзам менен кошо Убактылуу Өкмөттүн 2010-жылдын 19-майындагы декретин бекитүү менен  анын бир пунктуна киргизип коюшкан. Бул жагынан алганда Атамбаев  баштаган айрымдардын “Кедейканша” жалпы эл тарабынан президент болуп шайланган эмес, ал “самозванка” деп жүрүшкөндөрүнүн укуктук негизи бар. Анткени, мамлекет башчысы  жалпы элдик добуш берүүдө Өкмөттүн (болгондо да Убактылуу Өкмөттүн) бир токтомунун бир пунктуна тиркеме болуп бекитилгени укуктук идеяларга, философияга сыйышкыс, дүйнөлүк практикада таптакыр кездешпеген  нонсенс. Президент айрым өлкөлөрдө реалдуу бийлиги жок ритуалдык фигура болсо да ал сөзсүз жалпы эл же парламент тарабынан шайланат.

Мурдагы Баш мыйзамдагы Убактылуу Өкмөттүн аталган декретинин  4-беренеси менен 2020-жылдын 1-сентябрына чейин Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынганы Баш мыйзамдын 1-Бөлүмүнүн 2-беренесинин 1-пунктундагы: “Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден бир булагы болуп саналат” деген нормага ачык эле каршы келип калган. Өзүңүздөр таразалап көрүңүздөр, эгерде “бийликтин бирден бир булагы” эл болсо, эмне үчүн анын эрки, каалоосу “временщиктердин” декретинин бир пункту менен  2020-жылдын 1-сентябрына чейин чектелиши керек? Аларга андай укукту ким берген? Эч ким берген эмес. Жекече амбицияларынан, кызыкчылыктарынан улам эле жазып коюшкан.

Бул одоно угулушу мүмкүн, бирок кечирип коюңуздар, эгерде эл кааласа, зарылчылык болсо (Кудай анын бетин нары кылсын), ар жылда бирден Баш мыйзам кабыл алып турганга деле укугу бар. Ал үчүн кайсыл бир топтогулардын же текешка-мекешка дегендердин макулдуктары, жактыруулары талап кылынбайт. Аны эч ким чектей да, текелер түгүл букалар, аларга кошо атан төөлөр  каршы чыгышса деле ага эч ким жолтоо, тоскоол боло албайт. Элдин эрки менен бир эмес, үч төңкөрүш ишке ашты. Ал эми төңкөрүштөр эч кандай укук-ченемдик актыларда жок, анын эрежелери, жол-жоболору  жазылган эмес. Бирок, төңкөрүштөр болуп жатат.

 “Временшиктер” аракеттеги Баш мыйзамга өз кызыкчылыктарын ойлоп, кийинкисине биз да талапкерлигибизди коёлу деген максатта гана президентти бир мөөнөткө гана шайлоону киргизишип,  атайын мыйзамга парламентке  өткөрүүчү босоголук чекти төмөнкү пайызда аныкташкан. Жогорку Кеңеште майда фракциялар канчалык көп болсо, ал да, ал түзгөн өкмөт да ошончолук туруксуз болорун, ал өлкөдөгү саясый, экономикалык жана социалдык чөйрөлөргө аябагандай терс таасирин тийгизери жөнүндө ойлоп да коюшкан эмес. Ойлонушпайт дагы. Бирок, биз эмнеге алардын кызыкчылыктары үчүн гана жашашыбыз керек? Азыр деле алардын эңсегендери төмөнкү босоголук чектин аркасы менен эптеп парламентке өтүп, анда популисттик кылып, будуң-чаң салып, саясый рекет менен алектенүү гана болуп саналат. Ал парламентаризм эмес, ал  парламентаризмдин анархиялык имитациясы. Жогорку Кеңешке 2-3төн гана партия өтүп, көпчүлүк орундарды ээлегени өкмөттү түзгөндө гана биз цивилдүү жолго түшөбүз, келечексиз карлик партиялар ирилешип, жоюлуп, реалдуу саясый күрөшкө мүмкүнчүлүктөрү барлары гана калат. Кыргызстан парламенттик базарды эмес, чыныгы парламентаризмди өнүктүрүүгө бет алышы керек.

Президенттик формадагы башкаруунун артыкчылыгы

Мен мурдатан бери эле “парламенттик башкаруу биздин саясый, социалдык  жана маданиятыбызга ылайык келбейт, ага өсүп жете элекпиз, даяр эмеспиз, парламенттик башкаруу дегенибиз - тез эле анархиялык башкарууга айланып кетет, азыркы учурда Кыргызстанга күчтүү президенттик башкаруу гана керек, анархияга караганда авторитардык башкаруунун зыяны азыраак, авторитаризмде жок дегенде тартип болот, эрежелер сакталат, экономика, мамлекет үчүн конкреттүү жоопкерлер болот, ал эми анархияда эч ким эч нерсеге жооп бербейт” деген мазмундарда жазып келатамын. Менин позициямдын чындыкка шайкештигин турмуш ырастады. Парттизмеде шайлоо киргизилсе эле, саясый партиялар өнүгүп кетет дешти эле, ал теңирден тескери жыйынтыктарга алып келди. Капчыктуу партиялар парламенттик шайлоолордо мандаттарды, анан парламентте майлуу-сүттүү кызматтарды аукциондордун  мыйзамында саткан акционердик коомдорго айланышты. Партиялык идея, идеология, система  өнүкмөк түгүл биротоло деградацияга учурап, ыплас бизнестин бир түрүнө айланып кетти. Тээ бир убакта даңазалуу бир кинофильмдин кейипкери: “Храмга алып барбаган жолдун кереги жок” деп айткандай, таза нерселерге, мекенчилдикке, меритократияга, харизмага, альтруизмге  орун калтырбаган системанын эч кимге кереги жок. Аны тезирээк демонтаждабаса, бир күнү мамлекетти, элди бүлгүнгө учуратат. 

Аракеттеги Баш мыйзамда “президент 6 жылга бир мөөнөткө гана шайланат” деген биздин саясый системага “чолок өрдөктүн” комплексин гана киргизди. Мамлекет башчысынын бир мөөнөткө гана шайлоо -конфедеративдик, парламенттик өлкөлөрдүн айрымдарында гана бар. Аларда президент эч нерсени чечпейт, ритуалдык нерселерден башкаларга аралашпайт. Ал эми биздикиндей унитардык, кризистик абалдан чыга албай жаткан өлкөдө сөзсүз  2 мөөнөттө шайлана турган күчтүү президенттик башкаруу болушу керек. Башкаруусу күчтүү, бекем болбогон өлкөгө инвесторлор деле келбей тургандыгын тажрыйба ырастады. Бийлиги бекем, ишенимдүү өлкөлөрдө инвесторлор бир-эки адам менен сүйлөшүп, анан коркпой-үркпөй иштеше берет. Ал эми бизде инвесторлорго жогорку деңгээлдеги, тармактык, аймактык ж.б.   башкаруучулардан тартып, конкреттүү айылдагы, көчөдөгү  дүжүр мамаданаларга чейин чокчоңдоп, омуроолоп, сабап, өрттөп, бирдеке үмтөтүп, ар нерселерди сурай беришсе, деги кайсыл акыл-эси ордунда турган инвестор келет?

Быйыл  ушул  убакка чейин Өзбекстанга жалпы көлөмү 10 миллиард  долларга  жакын (бул да толук эмес) инвестиция тартылды, ал бизге жаңы инвесторлор келмек түгүл, мурда иштей баштагандары да кетүүдө. Ага  8 тоо- кен комбинаты ишин токтотуп турганы далил. Чындыгында эле инвесторлор деле биздей адамдардан, сиз менен биз ашыкча түйшүктөн качкандай эле, аларга деле  баш -аягы көрүнбөгөн баш оорулардын кереги жок.  Алар келишимдик шарттары оорураак болсо да тартип, эрежеси бар авторитардык башкаруулардагы өлкөлөргө артыкчылык беришет. Биздеги баш -аягы көрүнбөгөн башаламандыктардан улам потенциалдуу инвесторлорубуздун бардыгы башка өлкөлөргө кетишүүдө. Ал эми эл, мекен жөнүндө кыйкырышкан “эргулдарыбыздын” күчтөрү Ак үйдү кайра-кайра өрттөп, качканга үлгүрө албай калган инвесторлорду сабап, кампаларын өрттөп, мүлктөрүн тоногонго гана чыгууда. Алар кармалып, жазаланбагандан, жоготулгандары ордуна коюлбагандан кийин кандай инвестор болбосун кетүүнү ойлой баштайт.

2010-жылдан бери Кыргызстан укук-ченемдик актыларда парламенттик-президенттик башкаруудагы өлкө делинген менен иш жүзүндө бардыгын президент башкарып келген. Парламентке дайыма 5-6дан партия келип, эч кимиси көпчүлүктү түзө албай, үч-төрт фракция соодалашып жатып араңжан өкмөттү түзсө, анысы да жыл сайын алмашып турган чакта  башкача болушу да мүмкүн эмес эле. Анткени, өкмөт башчысынын парламентте ишенимдүү таянычы, бир депутаттыкынча да иммунитети жок шартта  кааласа-каалабаса да реалдуу бийликтин президентке топтолушу мыйзам ченемдүү көрүнүш болчу. Жоопкерчиликти башка ким алмак? Парламент эч нерсеге, жада калса өзү кабыл алган мыйзамдар үчүн да жооп бербейт. Өкмөт дайыма  катуурак үйлөсө учуп кетчүдөй абалда турат. Босоголук чек 3 пайызга түшүрүлүп, теориялык жактан  7-8 партиянын келишине жол ачылгандан кийин  парламент башы жок бакалар, көзү жок көгөндөр чардаган базарга айланганы турат. Аларга элди, мамлекетти түгүл  көтөрөм уйду да ишенип тапшырганга болбойт. Ошондуктан президенттин мурдатан келаткан реалдуу бийлигин укуктук жактан  каттап коюу гана керек.

Биздин оюбузча, президенттикке талапкерлер үчүн жогорку “70тен ашпаган” деген жаштык чек алынуусу зарыл. АКШнын аракеттеги президенти Д.Трамп 74тө, жаңы шайланган Джо Байден 78 жашта. Эгерде бизде да андай алдуу-күчтүү, тажрыйбалуу саясатчылар президенттикке талапкер болгулары келсе, анын эмнеси жаман? Аларга эмне үчүн бөгөт коюлушу керек?

Президент Өкмөттү да башкара тургандан кийин өкмөттүн аппараты жоюлганы туура. Канцеляриясы гана калсын. Бири-бирин кайталоо жоюлуп, көптөгөн каражаттар үнөмдөлөт.

Мен президентке мыйзам долбоорлорун демилгелөө укугу берилгендигин, эгерде ал кызматтык милдетин аткара албай калса, президенттин милдетин аткаруу түз эле Өкмөт башчысына өтө турган норманы колдоймун. Долбоорго ылайык, өкмөт башчысы президенттин орун басары катары эсептелет, тийиштүү учурларда президенттин ордун орун басары ээлегендиги логикага да ылайык келет. Спикер  күндөлүк саясатка аралашпастан мыйзам чыгаруу бийлигин гана жетектөөсү, ошонун саясатын гана жүргүзүүсү  зарыл.

Эмне үчүн парламенттик башкаруу бизге ылайык келбейт?

Цивилдүү өлкөлөрдө парламент мамлекетти башкарбайт, ал атависттик эскирген  түшүнүк, мамлекетти өкмөт башкарат. Алды 3000 депутаттан турса (Кытай) , арты 100-150 адамдан, көбү 350-650 адамдан (ФРГ, Япония,Англия, Италия, Россия ж.б.) турган парламенттердин мамлекетти  башкаруусун элестетүү да мүмкүн эмес. Реалдуу чыныгы бийлик эч качан 500-600 адамда болбойт, андай көрүнүш анархияга, хаоско гана алып келет. Акыркы убактарда дүйнөдө парламенттер реалдуу башкаруу иштеринен четтеп, маанилүү нерселерди талкуулап, пикир алмашуучу  жайга, платформага эле айланып калды. Айрым мамлекеттик маанилүү жашыруун чечимдерди парламенттик өлкөлөрдүн парламенттери деле билбей калышат, өкмөт башчылары өздөрү эле чечип коюшат. Алсак, 1940-жылдары Англияда атом бомбасын жасоого ири каражаттар бөлүнүп жатканын (баары 700 миллион фунт стерлинг жумшалган) парламенттин катардагы мүчөлөрү түгүл, Черчиллдин ордун баскан лейбористтердин лидери Этли деле билген эмес экен. Аябагандай чоң каражаттарды талап кылган атом бомбасын жасоо боюнча  Манхеттен долбоорун Рузвельт конгресс же сенат менен макулдашкан дейсиздерби? Жок! Антсе ал ошонун эртеси эле дүйнөгө дүң болуп, Гитлерчилер  ал долбоорду үзгүлтүккө учуратуунун бир аргасын табышмак. Ошондуктан парламент бардык нерселерге эле кийлигишип, бардык жылчык-тешиктерге тумшугун тыга берсе болот деген туура эмес, ал биздин бакма демократиядагы балалык түшүнүк. Ал түшүнүктөн тезирээк арылып, парламенттин иши биринчи кезекте мыйзамдарды чыгарып, алардын аткарылышын көзөмөлдөө экендигин, башка маселелерге кийлигишүүгө салыштырмалуу түрдө гана тийешеси  бардыгын укуктук жактан дагы бекемдөө зарыл.

Тилекке каршы, “чимкирик” аталган азыркы парламенттин мыйзамдардын аткарылышы түгүл мыйзамдуулукту коргогонго эрки, күчү жетпеди. Азыркы депутаттардын 90 пайызы Атамбаевдин  батасы менен шайланышты эле, Сооронбай Жээнбеков  ышкырганда анын айдагына түшүп кетишти. Садыр Жапаровдун  төбөсү көрүнө электе анын короосуна чогулушту. Кокус, эртең башка бирөө президент болуп калса, анын этегине табынганга кезекке тизилишет. Мындай көздөрүнө көрүнгөндү, колдоруна илингенди  жалмап, мойсогондон, күн тийген жердин күкүгү болуп сайрап,  заңдагандан башкага дареметтери жетпегендерди чимкирик түгүл какырыкка, түкүрүккө, андан жаманга теңеген да жаңылышпайт. Буларды дагы бир-эки ирет пайдаланып, анан  президенттик шайлоо өтөрү менен эркек-ургаачыларына карабастан жумшак жерлерине тээп таркатып, сапаттуу, эрктүү жаңы парламентти түзүү керек. Ал үчүн парттизмени биротоло жоюп, мандаттардын бардыгын бир мандаттуу округдарга берүү зарыл. Антпесе, айрым райондордон бир да депутат шайланбай калууда. Алсак, азыркы парламентте Ак-Талаадан бир да өкүл жок. Бир мандаттуу округдардан башкасы болбосо да жок дегенде тилдери сайрагандар, харизмалары  барлар келишет. Азыркылардын көпчүлүгүнүн харизмалары түгүл, тилдери да жок болуп жатпайбы.

Депутаттардын санын 120 бойдон калтырса, атүгүл андан көбөйтсө да болот. Бирок, алардын төрагасы, орун басары, комитеттердин жана комиссиялардын жетекчилеринен башкалары мурдагы жумуштарында иштей берүүлөрү, депутат болгондугу үчүн  айлык албоолору, бир жылда эки жумадан үч жолу  чогула турган тартипте гана парламентке келишип, иштөөлөрү тууралуу норма киргизилүүсү керек. Азыркы шартта кайра эле парламентке мыйзам долбоорлорун даярдамак түгүл, бир барак кагазды окуганга моюндары жар бербеген, ага билимдери, түшүнүктөрү да жетпеген базаркомдор, жулкунбай ишкерлер, бизнесчилер, рекеттер  гана келиши мүмкүн. Алардан парламенттик ишке реалдуу эч кандай пайда болбойт. Андыктан мамлекеттин өп-чап каражатын жөн эле чоң курсактарга куру бекерге чача бербестен, парламенттин ишин мурдагы совет убагындагыдай, мезгилдик сессиялык принципте уюштуруу керек. Депутат болгондордун билимдүүлөрү, даярдыктары барлары комитет, комиссияларды жетектешип, аппарат менен биргеликте мыйзамдардын, токтомдордун долбоорлорун даярдашсын, ал максатта министрликтер жана ведомстволор менен иштешсин, ал эми калган депутаттар бир жылда 2-3 жолу чогулуп, долбоорлорду карап, талкуулап, кабыл алып турушса жетишет. Сырткы карыздар аргабызды кетирип турганда  азырынча кесипкөй парламенттин зарылчылыгы жок. Андан үнөмдөлгөндөр сырткы карыздарды төлөөгө жумшалсын.Токсон же 120 бекерпоздун ар кимдердин мээлерин чагып, өз маселелерин чечүү үчүн  Ак үйгө күндө кирип-чыгып жүргөнүнүн кандай зарылчылыгы бар?

Жогорку майлуу-сүттүү кызматтарды фракцияларга бөлүп берүүгө биротоло чек коюлуусу керек. Өлкөдөгү саясый, экономикалык жана социалдык абалдарга президент менен өкмөт жооп бере турган соң кадрларды тандап, жайгаштырууну да толугу менен алар өздөрү чечишсин. Бирөөлөр Букарда жатып алып, дымактана буттарын сунушса, аларга конкреттүү иш-абалдар үчүн жооп бере тургандар чалынып жыгылып жүрө бере турган системаны тезирээк оңдобосо болбойт. Босоголук чек 9-10 пайызга жогорулатылып, улуттук, жаштык, жыныстык квоталар алынып салынуусу керек. Бирөө мотурайган, бакырайган  жаш, экинчиси башка тилден же динден, үчүнчүсү ургаачы болгондугу үчүн эле парламентке келе турган практика жоюлуусу зарыл. Парламент кайрымдуулардын пансионаты эмес, ага  ар ким өз эмгеги, мээнети менен гана келүүгө тийиш.

Азыркы депутаттардын иммунитеттери өлкөдөгү жалпы абалга жооп бере турган премьер-министрдикинен да жогору. Жаңы баш мыйзамга өз милдеттерин жетиштүү аткарышпаса, депутаттарды кайра чакырып алуунун мехнизми да киргизилүүсү же ал атайын Конституциялык мыйзамда жөнгө салынат деген шилтеме болушу зарыл. Андай шилтеме болсо, атайын мыйзамда айрымдарга жакса-жакпаса да бир норма киргизилет. Шилтеме болбосо, ага жаңы шайлана тургандар өз эрктери менен кайрылышпайт.

Анан мыйзам демилгеси менен 10 миң шайлоочу чыга алат деген норма дыкат каралышы зарыл. Капчыктуулардын айрымдарынын 10 миң түгүл, 40 миң кол чогултканга деле мүмкүнчүлүктөрү жетет. Мыйзам долбоорун демилгелөө  да саясый оюнга айланып кетпөөсү  керек.

 

Бакай Чилтегин, Булак: “Майдан. kg” гезити