Президент Сооронбай Жээнбековдун коомду бул илдеттен арылтуу үчүн,  тактап айтканда, мурдакы жана учурда иштеп жатышкан колу таза эмес чиновниктерди жана мамлекеттик кызматкерлерди ашкерелөөгө жасап жаткан иш-аракеттерин көптөгөн кыргызстандыктар колдоого алышууда.

Бир нече күн мурда Кырнетте атамекендик Интернет мейкиндигинде жаңыдан пайда болгон блоггер жана адвокат Канат Хасанов өз көрармандарына Аскар Акаевдин тушундагы экс-премьер-министр, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин коррупциялык түзүмдөрүн тастыктап турат деген документтердин калың таңгагын көрсөткөн видео пайда болду. Анын айтымында, бул документтер Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү, 2/5 дареги боюнча жайгашкан объектинин сатып алуу – сатуу келишиминин мыйзамсыз экендигин тастыктаган макулдашуу имиш.

Бирок тилекке каршы, активист ал документтерде көрсөтүлгөн келишимдердин мыйзамсыз экенин ырастаган бир да далил келтире алган жок. Хасанов болгону кыймылсыз мүлктүн эки объектисин сатып алуу- сатуу келишимин жана техникалык паспортторун гана көрсөттү. Биз так ушул документтерди таап, аны кунт коё иликтеп чыктык. Иштин чоо жайы мындайча болуп чыкты.

Аталган кыймылсыз мүлк чындыгында эле К.Жумалиев тарабынан 2011-жылдын 19-январында сатылып алынган экен. Муну жашоого ылайыкталбаган эки имаратты (биринчиси – 1, 975 га жер тилкесиндеги 1116,0 чарчы метр жана экинчиси – 0,468 га жер тилкесиндеги 1134,6 чарчы метр) сатып алуу – сатуу жөнүндөгү 2011-жылдын 6 жана 19-январындагы эки келишимдин көчүрмөсү тастыктап турат. Саткан тарап фирманын башкы директору Константин Анохин эсептелген «Металлика» ЖЧКсы.

Ал эми Канат Хасанов «доллар миллиардер» деп атаган Жумалиев Чолпон-Ата көчөсү, 2/5 дареги боюнча жайгашкан бул имараттарды сатып алуу үчүн UniCreditBank (учурда Оптимабанк) банкынан 700 миң доллар өлчөмүндө насыя алган. Баса, анын баарын төлөп кутулган. Муну оңой эле текшерсе болот. Албетте, мындай суммадагы акча карапайым жай адамга абдан көп көрүнүшү ыктымал, бирок бизнес үчүн бул катардагы эле акча. Андыктан бул жерде криминалдын жыты да тастыкталган жок. Хасанов мырзанын «бизнестин бул жерде кандай тиешеси бар!» дегенине макулбуз десек болот. «Ал аталган объектилерди 2011-жылы мамлекеттик кызматта иштеп турганда алган» дейт Хасанов. Ошол кезде экс-премьер-министр КРнын Улуттук илимдер академиясында иштеген дейт. Бирок бул жагы да дал окшошпой калыптыр: К.Жумалиев мамлекеттик кызматта 1994-жылдан 2005-жылдын мартына чейин гана иштеген. Ар кандай мамлекеттик кызматтарды ээлеген, анын ичинде КРнын вице-премьер-министр жана премьер-министр сыяктуу жооптуу кызматтар да бар. Ал эми 2011-жылдан 2015-жылдын октябрына чейин К.Жумалиев КР УИАда илимий кызматкер болуп иштеп турган жана ошол эле мезгилде ишкерчилик менен да активдүү алектенген. Таң калыштуусу, биздин өлкөдө илим тармагы качандан бери «мамлекеттик кызмат» категориясына кирип жүрөт? Бул демек, элдин баары ачык көрүп, билип жүргөн эле жөнөкөй маалыматтар активист жана юрист мырзанын айыптоолору түккө турбаган сандырак кеп экенин тастыктап турбайбы. Мындай жөнөкөй эле нерселерди ал билиши керек эле го. Көрсө, билбейт тура. Жумалиев 2015-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин депутат болуп келатканын эске сала кетели. Ал бизнесинин баарын депутат болгон учурдан тарта эле ишенимдеги башкарууга өткөрүп берген. Муну деле опоңой текшерсе болот, бирок мындай фактыларды текшерүү Хасанов мырзанын колунан келбеген иш окшобойбу. 

Хасанов муну менен гана токтоп калгысы жок. Кандай болбосун, экс-премьерди коррупцияга тиешеси бар деп ашкерелөө далбасасы менен ал Жумалиевге 2011 –жылы киши жашабаган кыймылсыз мүлк сатып алып, аны жашы жетелек уулуна белек кылган да, анан сатып жиберген деп жемелеп жиберди. Мынчалык болду, бул иштин да чындыгына жеткенге аракет кылалы. Колдогу документтерге караганда, Жумалиев сатып алынган кыймылсыз мүлктү чындыгында эле уулуна белек кылып берүүнү чечкен. Ага ким жолтоо болмок, анткенге толук укугу бар эмеспи.  Журналисттин колуна тийген ошол белекке берүү келишимине ылайык, анын уулу Арстаналы Жумалиев мыйзамдуу түрдө Чолпон-Ата көчөсү, 2/5 дареги боюнча жайгашкан имараттардын жаңы ээси болуп калган.

Ал эми 2015-жылдын июнунда К.Жумалиев, уулунун камкору жана мыйзамдуу өкүлү катары аталган имараттарды жубайы Р.Аманова берген ишеним каттын негизинде «Zeth Standards» жоопкерчилиги чектелген коомго жакшы баада саткан. Бул жерде кандай доомат болушу мүмкүн.

Бирок активист мырза Хасановдун ою боюнча бул жерде да коррупциянын элементтери бар имиш. Ал Жумалиевге «Учурдагы мыйзамдарга ылайык, мындай келишимдер камкордукка, багууга алуу маселелери менен алектенген органдардын макулдугу менен баланын турак жай шарттарын жакшыртууга карата жасалат» деген күнөө койду. Бул жерде Канат Хасанов Жумалиевге дагы бир күнөөнү оодарып жатып ачык эле куйтуланганын айта кетели. Себеби 2015-жылы Кыргызстанда камкордукка, багууга алуу маселелери менен алектенген органдар иш жүзүндө болгон эмес. КРнын жаңы Үй-бүлөлүк кодекси боюнча үй-бүлөнү жана балдарды колдоо Борборлору түзүлгөн. Бирок кыймылсыз мүлк объектилерин сатуу – сатып алууга уруксат берүү алардын ыйгарым милдетине кирген эмес. Бул маселелер балдардын кызыкчылыктарын коргоо иштери менен алектенген жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын карамагында болгон. Ошондуктан жоопкерчиликти жакшы түшүнгөн ата катары Жумалиев Бишкек шаарынын Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү Башкармалыгына тийиштүү суроо –талап менен кайрылып, өзүнүн жашы жетелек уулуна таандык объектилерди сатууга мыйзамдуу түрдө уруксат алган. Бул фактыны журналисттин колуна келип түшкөн документтер тастыктап турат, ал документтерде аталган башкармалыктын начальниги Ж. Чоңбагышевдин койгон колу да бар.

 

КРнын Үй-бүлөлүк кодексинин, КРнын Жарандык кодексинин жана КРнын балдар жөнүндө кодексинин беренелери менен тастыкталган райондук акимчилик тарабынан берилген документтердин негизинде алынган уруксат К.Жумалиевге Чолпон-Ата көчөсү, 2/5 дареги боюнча жайгашкан имараттарды «Zeth Standards» ЖЧКга сатканга мүмкүнчүлүк берген. Келишим мыйзамдын бардык нормаларына шайкеш жүргөн. Муну да журналисттин колуна келип түшкөн 2015-жылдын 18-июнундагы эки объектини сатуу – сатып алуу келишимдеринин жана К.Жумалиев тарабынан уулунун кызыкчылыгында иш туткан адам катары мамлекетке 5 млн.406 миң 750 сом салык төлөгөндүгү тууралуу берилген көчүрмөлөр ырастап турат.  Андан сырткары, сатууда пайда болгон налог да убагында төлөнгөн, тиешелүү тастыктаган документтери бар.

Кыргыз Республикасынын адвокаттар Кеңешинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Бабаев бул учурга мындайча түшүндүрмө берет: «К.Жумалиев аталган объектилерди 2011-жылы К.А. Анохинден мыйзамдуу түрдө сатып алган. Ошол учурда Жумалиев мамлекеттик кызматкер болуп эсептелген эмес, демек, мындай келишимдерди жүргүзүүгө, анын ичинде, аталган имараттарды белекке берүүгө жана сатууга укугу болгон. Активист Канат Хасановдун мындай келишимдерди ишке ашырууга толук укуктуу болгон Жумалиевдин иш-аракеттеринин кайсы мыйзамсыз жагын көрүп жатканы таптакыр түшүнүксүз».

Жогоруда келтирилген жүйөөлөрдүн баары Канат Хасановдун К.Жумалиевдин дарегине айтып жаткан айыптоолорунун негизсиз экенин далилдеп турат. Юрист катары ал чоң Интернет аудиторияга чыгып жатып фактыларды бурмалап жатканын, ток этер жерин айтканда, жөн эле адамга жалаа жаап жатканын түшүнүшү керек эле.

Башка фактылар боюнча дагы ушу сыяктуу эле айыптоолор айтылууда. Эгерде алардын баары ушундай эле куру кеп болсо, анда Хасанов деги эмне менен күрөшкүсү келет? Биз бул туурасында иликтөөбүздү сөзсүз улантабыз.

Ошентсе да бир гана суроо жаралат: мындай карандай калпты айтуунун Канат Хасановго эмне кереги бар? Айта берсе, буга табылчу жооп көп деңизчи. Бирок айдан ачык бир гана нерсе – «коррупция менен мындай күрөшүү» биздин коомду тазалоо идеясынын өзүнүн беделине балта урат. Мунун натыйжасы катары негизги сокку учурдагы бийликке карата урулууда. Бул биринчи кезекте коррупция менен күрөшүүнү өзүнүн шайлоо алдындагы башкы программасында жарыялап, аны ырааттуу түрдө иш жүзүнө ашырууга аракет кылып жаткан өлкө президентине каршы багытталган.

Аттиң, Канат Хасановго окшогон ак караны ылгай албаган эргулдардын айынан коррупцияга каршы иш-аракеттер толугу менен жокко чыгууда, бийлик элдин ишениминен ажыроодо, ач кыйкырык менен куу сүрөөн чакырыктар улана берсе, анда мунун аягы жакшылык менен бүтпөйт, мындай аракеттер радикалдуу маанайдагы нараазы шайлоочулардын калың катмарына опоңой эле айланып кетиши мүмкүн.