- Мамлекеттин акчасын уурдаган, элдин ырыскысын жеген коррупционерлер жазаланышы керек. Аларды жазасыз калтырууга болбойт, сөзсүз түрдө жазасын алууга тийиш. Бирок мыйзамдын чегинде гана. Жазалайт десе эле мал мүлкүн талап-тоноп, ишканаларын басып алып каракчылык кылганыбыз туура эмес. Ага үндөп аткандардын чакырыктарына каршымын. Алардын көтөрүп аткан маселеси түпкүлүгүндө туура. Бирок бийлик аны мыйзамдык, укуктук талаада ишке ашырышы кажет, ошого багыт алуусу керек. Мамлекет мыйзам чегинде гана иш алып барууга тийиш. Кылмыш кодексинде “мыйзамсыз баюу” деген берене бар. Кантип эле өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеген адам миллионер, миллиардер болуп чыга келет? Жүздөгөн гектар жерлери, ондогон заводдору, бизнес обьекттери, миллиондогон акчалары болуп калат? Андай болбойт, андай жомокто гана болот. Бул турмуш. Жомок болсо анда кеп башка эле.

Ошол эле жогорку даражадагы чиновник менен өмүр бою кетмен чаап, арык казып күн көрүп келаткан дыйкандын бирдей статусу бар. Кандай статус? Экөөсү тең бирдей эле адамдар. Алардын статустарын сактап, камсыздап берүү мамлекеттин милдети. Ал үчүн мамлекетте мыйзам, мүмкүнчүлүк бар, аны колдонуш керек.

Бизде байлардын көбөйүп кеткендигин айтып атабыз. Бирок байлардын да түрлөрү бар, баарын бир кылка караган болбойт. Өздөрүнүн  маңдай тери, мээнети, эмгеги менен байыгандар бар, аларды түшүнүү зарыл. Ошол эле кезде мамлекетти талап-тоноп, коррупциялык жолдор менен байыгандар бар. Алардын байлыктары, мүлктөрү уурдалгандыгы мыйзам чегинде  далилденип, конфискациялоо менен мамлекетке кайтарылып, элге берилүүсү керек.

Мамлекеттеги чоң чиновниктер, саясий ишмерлер өздөрүнүн бакубат, оокаттуу жашоосу, жүрүм-турумдары үчүн жооп бериши керек. Мына, мен өзүм үчүн жооп берейин. Мен ушул күнгө чейин мамлекекеттик кызматта жүргөн абалымдан пайдаланып мамлекеттен бир сотых жер алган жокмун, мамлекеттин бир кышын приватизация кылып албадым. Бул менин ата-энемдин, анын ичинде атамдын мага берген тарбиясынын натыйжасы деп ойлойм. Атам раматылык өмүр бою дыйканчылык кылып өттү. Атамдын “эч качан бирөөнүн байлыгына, мал мүлкүнө көз артпагын” деген насыяты мээме кыттай эле уюп калыптыр. Мындан башка ушул сыяктуу көптөгөн насыяттарын айтчу эле.

Бир актуалдуу маселе тууралуу айтып кетейин. 90-жылдардын башында Россиядан окууну бүтүп келгенден кийин ишкерлик менен алектенип акча таап калдым. Биз акчаны кантип таба алабыз? Ал үчүн бизде акыл-эс, жөндөм, аракет бар. Ошол кезде биздин Барпы айылындагы бир чабандын короосу сатылып калды. Ишкерлик менен алектенип, байыгым келип жүргөн адам катары ал короону сатып алганга аракет кыла баштадым. Ошондо атам келип: “Уулум, бул короону сатып алганың болбойт, бул короодо канчалаган адамдардын көз жашы бар, канчалаган адамдардын эмгеги, мээнети кеткен. Анан сен келип сатып алам деп атасың. Сага короо керек болсо бош жаткан жерлерди, адырларды короо кылып ал. Бирок элдикине тийбе, бир кирпичине көз артпа”,- деди.  Анда мен короонун арзан сатылып атканын айтсам, атам: “дал ошондуктан, арзан болгону үчүн сатып албайсың!”- деп катуу айткан. Агезде мен дагы жашмын, атам дагы жаш болчу, мени катуу какыс-кукус кылып койгон. Ошондон кийин атамдын айтканы менен кеттим. Ошол жылдары менде көптөгөн жерлерди, бизнес обьекттерди алып койгонго мүмкүнчүлүктөр болду. Бирок андай ишке бир да жолу барбадым. Атамдын насыятын ушу кезге чейин аткарым келатам, мындан ары да аткарам.

Мамлекеттин, элдин мүлкүнө көз артпайсың, уурдабайсың, талап-тоноолорго катышпайсың деген насыятты азыр балдарыма айтам. Дагы бир жолу айтарым, мамлекеттикин уурдап байыгандарды жазалаш керек. Мисалы, Жалал-Абадда эле бир үй-бүлөнүн мамлекеттин 20дай обьектилерин алып алганы бар. Завод, фабрика, ишкана, жерлер ж.б. Аларды силер, журналисттер иликтөөлөр аркылуу жалпы элге көрсөтүшүңөр керек. Эл кимдин ким экендиктерин билсин.

Биздин азыркы эң башкы максатыбыз – пандемиядан кийин туруктуулукту, элдин биримдигин, токчулукту, тынчтыкты камсыз кылып, сактап калышыбыз керек. Эң ириде биз өзүбүз ток болушубуз керек. Адам өзү ток болмоюнча, эч качан тойбойт. Учурдап пайдаланып элди жакшылыкка, жаратмандыкка чакырып кетем. Мындан ары жаман иштер болбосун, элибиз бөөдө кырсыктардан, апааттардан аман болсун.  Кандай окуялар болбосун биз, эл андан сабак алып, алды-артыбызды карап, өткөн күндү да унутпай, келечекти да унутпай турмуш өткөрүшүбүз зарыл.