- Сабыр байке кандайсыз?

- Кудай деп... Эл катары... , карантиндебиз.

- Өзгөчө кырдаалдын 10-майга чейин узартылышын кандай кабылдадыңыз?

- Мен “туура, же туура эмес”- деп эксперттик кылгым келбейт. Пандемия менен тикелей алпурушуп аткан органдар кандай айтса ошого көнүшүбүз керек деп эсептейм.

- Коронавирус боюнча дүйнө жүзүндө ар түркүн пикирлер айтылып, “ойдон чыгарылган оору, covid-19 катардагы грипп, эч коркунуч жок, адамзатка залал келтирүүчүлөрдүн жасаганы”- деген маалыматтар таркап жатат. Бул тууралуу эмне дейсиз?

- Эми бекер жаткандан кийин анын баарын окуп, угуп, көрүп жатабыз. Бул маалыматты тактоого аракет кылып, өзүм тааныган билермандардан сураштырдым. Жарымы “фейк” десе, башкасы ошол идеаны кармангандар болуп атат. Бул талаш тартыш акыры такталат.

Бирок чын бышыгын билгенче сактанып турганыбыз эле туура болду. Чет жактан акча да алдык. Кенебей атып балээге калган Италия, Испания, АКШнын кейпин кийип, массалык түрдө вирусту жайылтып алсак кантет элек? Тигилердин го акча-каражаты бар, биз оңбой калмакпыз да. Кудай сактады. Биздин бийлик, башында катачылыктарды кетиргени менен, убагынан өткөрбөй карантин киргизип, кырдаалды көзөмөлдөн чыгарбай кармап калды. Жуктуруп алгандардын жарымынан көбү сакайып, чыгым аз болуп атат. Канчалык жамандап, сөксөк да  бийликтин мунусун моюндабаска болбойт.

- Өкмөт 1-май, 10-май, 20-май деп карантинден чыгууну пландаштырганын уксаңыз керек. Ушул иш чаралар тууралуу эмне айта аласыз?

- Менимче туура эле. Эл каржалып кетти. Күнүмдүк тапканы менен жашаган эл ачка отурат. Экономиканы такыр отургузуп алсак, пандемиядан жаман запкыга туш болобуз. Ошондуктан эл иштеп башташы керек. Анда кеп жок. 1-вице-премьер Кубатбек Бороновдун “коронавирус кайрадан күч алып жайылып кетиши мүмкүн” деп кооптонуп жатканынан чочулап жатабыз. Элдер көчөгө жайнап, контактар көбөйгөндөн улам жугузуп алгандар арбып, экинчи этабы башталып кетиши толук мүмкүн. Ушу жагы коркунучтуу болуп турат. Анан коомдук транспортто дистанция сактап, 70%дан ашырбай ташый алабызбы? Же көнгөн адат менен тыгылышабызбы? Ошо кандай болот? Маршруткаларды азырынча чыгарбайбыз дегендери туура. Азырынча эмес, такыр токтотпосо коркунучтуу... Мопед, моторолер, велосипедге өтүш керек го? Күн жылуу да...

- Сырт жакта, чек арада, аэропоттордо калып кеткен мекендештер кыйналып, өлкө башчысына, парламентке, өкмөткө кайрылып жатышканын угуп жатсаңыз керек?

- Ооба, ара жолдо калгандар, айрыкча чек арада, автожолдордо калгандар. Аэропорттордогуларга жардам берүү жеңилирек экен. Жардам берилип, жайгаштырылып атса да болбой, учактар учпай жатканына карабастан догурунуп жаткандар да болду. Бул жалгыз эле биздин кыргызстандыктардын көйгөйү эмес. Бүт дүйнөнүн элдери ушинтип кыйналып атышат. Адамдар ар түрдүү болот экен. Сабырдуусу бар, кыялы чукулу бар. Бири алкап жатат, бири нааразы, боктоп жатат. “Өлкөгө кайтам”- дегендердин ызы-чуусу Орусиядагы жердештерибизден көбүрөөк чыкты. Анан аларга жардам берүүнү уюштуруу боюнча да Орусиядагы Кыргыз элчилиги мыкты иш алып барганын, тынымсыз иштеп жатканын көрүп жатабыз. Өзүңөр калыс болгула Москвадагы элчиликтер дээрлик жабылып ишин токтотуп, болгону Израилдин, Армениянын, анан Кыргызстандын элчилиги иштеп жатыптыр. Еврейлер дүйнөдөгү эң бай эл, Армяндар дүйнөдөгү эң күчтүү диаспора катары белгилүү. Биз да кыйын экенбиз, дүйнөдөгү духу эң күчтүү эл катары тең-тайлашып иштеп атыппыз.

- Өкмөттүн отставкага кетери тууралуу айтылып, Мухамедкалый Абылгазиев чемоданда отурганы айтылууда. Өкмөт отставкага кетишин колдойсузбу?

- Колдобойм. Азыр отставка убагы эмес. Жаңы өкмөт курап, анан ал обстановка менен таанышканча эле бир квартал өтөт да. Ахывал оорлоп, пандемия жакадан алып турганда рисковать эте алабызбы. Же эмне сыйкырдуу таягы бар кандидатура бар бекен?

Ооба, өкмөт кашаңдык кылды, катуу сынга кабылып келет. Бирок, “өлкөгө оор залака келтирди, коррупцияга малынды, жеди, ичти”- деп айта алабызбы?

Биз өкмөттү -“бизди жыргаткан жок, экономиканы өстүргөн жок, инвестиция апкеле алган жок” деп эле сындап келебиз.

А эмне (?), башка бирөө болсо инвестиция жаайт беле? Ал деген өлкөдөгү олку-солкулукка, Атамбаевдин “эртең-бүгүн төңкөрөм” деп эл топтоп, бука союп, аш берип атканынан да көз каранды болду да. Бүт дүйнө угуп турду го, президенттик шайлоодон кийин эки жыл бою кандай разборка болгонубузду.

Түшпөс хан жок. Алмашпас өкмөт болбойт. Өкмөт албетте алмашат. Алмашсын. Бирок азыр эмес. Артык кылам деп тыртык кылып албайлы. Пандемия турукташып, шайлоо өткөрүп алгандан кийин, ансыз деле жаңы өкмөт куралат. Эмнеге шашабыз, кайдагы бир беш-алты ай чыдабай. Тарыхый мааниде беш алты айың беш секундга да арзыбайт.

Маектешкен Нургазы Анаркулов