- Мукар мырза, карантиндин мөөнөтү узартылганы туура эле болдубу?

- Менимче чечим туура эле болду. Бир гана кемчилиги, “чрезвычайное положение”  жарыяланганы менен, анын женилирээк режимине өтсө болмок. Эл кыйнала баштады. Камдаган азык-түлүктөрү түгөнө баштады...

- Кудай буюруп, вирусту жеңсек премьер-министр ишин татыктуу уланта береби  же кызматтан кетүүгө аргасыз болобу?

- Бул апаат кимдин-ким экенин, кимдин деңгээли кандай экенин, анын ичинен Өкмөттүн дараметин ачык айкын көрсөттү. Кудай буюруп, апааттан аман-эсен чыгып алсак, премьер-министр “эми шайлоого барам”- деген шылтоо менен өзү иштен кетет деген ойдомун. Анда мындан ары иштей турган мүмкүнчүлүк калган жок. Командасынын баарын алмаштырды. Бирок, ошентсе да иши аксап, чабал болуп, эл күткөндөй жыйынтык бере албай жатат.

- Иш учурунда коронавируска кабылган дарыгерлерге ким жооп бериши керек?

- Дарыгерлердин дартты жугузуп алганына толугу менен өкмөт жооп бериши керек. Анткени, алардын шалаакалыгынан, учурунда аракет кылбаганынын айынан дарыгерлер ошондой дартка кабылды. Алар тезирээк чара көрүп, керектүү медициналык каражаттар менен дарыгерлерди камсыздаганда мындай абал жаралбайт болчу.

- Өкмөттүн дарыгерлерге компенсация төлөйбүз дегени дарыгерлерге стимул болобу?

- Стимул болсо болор. Негизи иш учурунда вирус жуктуруп алган дарыгерлерге компенсация төлөнүшү керек. Ал турсун алардын сакайышына да жетишерлик шарт түзүшү керек. Дартка кабылып, абалы оор болгон дарыгерлердин баары сакайып кетишин каалайм.  Мен врачтардын статусун ушундай шартта аскерлердин статусуна теңеп коюу сунушун берет элем. Анткени, врачтар да азыр өлүм менен өмүрдүн ортосунда жүрүп, чоң эрдик жасап жатышат. Ошон үчүн аларга колубуздан келишинче колдоо көрсөтүшүбүз керек.

Чынайым Кутманалиева