- Чыныбай мырза, парламент трибунасынан чыгып, “өкмөт элди ойлойбу?- деген  сөзүңүз ойго салды. Өкмөт неге макаронду силерден 30дан алып, элге андан кымбат саттырууга жол берип жатат?

- Ачыгын айтканда, макарондун контролдук баасынын минималдык денгээлин эмнеге 90 сом деп койгонун мен да түшүнбөй жатам. Ошон үчүн парламент трибунасынан бизди 30 сомдон жогорулатпагыла деп айтып, өздөрү 90 сом деп койгонунун себебин билейин деп кайрылдым.

- Эмне үчүн элди ун менен камсыздайлы, кыйын кырдаалда элге кол суналы”- деген аракетиңер жасалма бут тосууларга кабылып жатат?

- Бут тосуулар жеке кызыкчылыктарын мамлекеттин, элдин кызыкчылыгынан жогору койгондор тарабынан болуп жатат. Эл да аны көрүп, билип  турат...

- Бул апаат мамлекеттин, өкмөттүн дараметин, ал тургай кимдин-ким экенин ачык көрсөтүп койдубу?

- Апаат биздин жыртык-тешиги көп экономикабыздын артындагы уяттуу жерлерибиздин баарын сыйрып атат. Эми ал жыртыктарды адаттагыдай жамай бербей, толугу менен жаңылашыбыз керек.

- Бул кыйын кырдаал кандай болгон күндө да ата-мекенчи өндүрүшчүлөргө  мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү зарыл экенин далилдедиби?

- Аткезчиликти токтотуп, атаандашуучулукка бирдей шарт түзүп бералбасак, же башка өлкөлөрдөй мамлекеттик колдоо көрсөтө албасак, өндүрүш өлөөрүн айдан ачык түшүндүк деп ишенгим келет. Демек, эмки кадамдар өндүрүшкө тикелей колдоо аркылуу жүрүшү зарыл.

- Ун комбинатыңызда жетиштүү ун барбы?

- Запас буудай бар, жетиштүү. А запас ун жок. Азыр Матрезервдин буудайын тегирменге салып баштадык. Муну жашырбай эле айтып койгонубуз оң го. 

- Колунда барлардын баары мындай учурда тапканын бөлүшүп жатат. Сиз да  колунда жокторго жардам бере алдыңызбы?

- Жардамыбыз – бул аягы көрүнбөгөн иш. Ар дайым жана тынымсыз эле жардам сурагандарга жардам берип келебиз. Азыр биринчиден фирмага минус болсо да компания ундун баасын кармап берип атат. Бир катар региондорго жол киресин компания өзүнө алып, Бишкектин баасы менен ун жеткирип берди. Кечээ жакында эле Нарын шаарындагы 150 колунда жок жана таажывируска каршы күрөшүп жаткан медкызматкерлердин, карантиндик постто тургандардын үй-бүлөлөрүнө ун-макарон жеткирилди. Нарын районундагы айыл өкмөттөр 36 айылдагы 700дөн ашык жакыр үй-бүлөлөрдүн тизмесин жиберишти. Көлдөн да тизме келди. Бишкек жана Чүйдөн менин жеке өзүмө кат менен кайрылгандардын тизмеси турат. Кайрылгандарга болушунча жардам берилип, бериле элегине даярдык көрүлүүдө. Ошондой эле постто тургандарга болушунча ысык тамак берилип жатат. Айрым коомдук уюмдар менен биргелешип иш-чаралар уюштурулууда . Жалпы жыйынтыгы коронавирус менен күрөш бүткөндө чыгарылат.

- Баса, ушул тапта парламент тарасын, депутаттарга коротулган каражат үнөмдөлсүн деген пикирлер арбын айтыла баштады. Парламенттин ушундай мезгилде тараса туура эле болобу?

- Алты айга жетпеген убакыт калды. Андай кадам өлкөгө алешемдик болуп калат. Өзгөчө азыркы кырдаалда. Ошон үчүн таратпай эле турганыбыз оң.

- Парламентке келе турган партияны тандоого үлгүрдүңүзбү?

- Жок. Азырынча тандай элекмин.

- Карантин дагы узартылды. Узак карантинден элдин, мамлекеттин жашоосу ого бетер оорлоп кетпейби?

- Албетте, узак карантин элдин жашоо-турмушун өтө оордотот. Күнүмдүк тапканы менен жашагандар такыр мукурайт. Жумушсуздук дагы артат. Бизнестин банктагы карыздары оордойт. Банктардын кредит берүү мүмкүнчүлүктөрү азаят. Анткени, депозиттер кыскарат. Узак карантиндин артынан мына ушул сыяктуу маселелер жаралат.

Чынайым Кутманалиева.