“Кыргызстанда эл башкаруу формасын тандап алышы үчүн референдум өткөрүү керек. Өлкөдөгү абалга же парламент, же президент жоопкерчиликти алышы керек. Бул демилге менен чыккан депутат Курманкул Зулушев деле бүтүндөй эл сыяктуу, өлкөдөгү эч ким эч нерсеге жооп бербеген абалдан тажады. Биз дагы былтыр Курултайда ушундай суроо койдук эле, “бизге кандай башкаруу керек, президенттикпи же парламенттикпи? Ошону элден сурап, тактап алып, андан ары ошол жол менен өнүгүүгө бет алуу керек”- деп. Биздин өлкө парламенттик-президенттик деп эсептелгени менен ыйгарым укуктун баары президенттин колунда. Бирок ал эч кандай жоопкерчилик тартпайт. Зулушевби же башкабы, бул маселени бирөө көтөрүшү керек болчу. Азыркыдай абал улана берген болбойт”, - дейт У.Маматаев.

Саясатчы президенттик жана парламенттик башкаруу кимдерге пайдалуу болоору боюнча да пикирин айтты.

- Парламенттик өлкөдө депутаттар премьер-министрди шайлайт, ал баарына жооп берет. Президенттин мааниси жок болуп калат. Баарына бир киши жоопкерчилик алат. Премьер-министр ишенимди аткарбаса, анын талапкерлигин көрсөткөн партиянын шайлоочулар алдында бедели түшөт. Бизде кандай болуп атат? Министрлик, ведомстволордун баарын фракциялар коалициялык келишимге ылайык коюп алышкан. Системалык иш жок. Премьер-министр бир талап койсо, министр аны аткарбай деле коюшу мүмкүн, аны фракция дайындаган да. Министр ошол фракцияга көбүрөөк баш ийип калат. Бирок жоопкерчиликти аягында премьер-министр тартат. Мындай болбойт,- деп айткан У.Маматаевдин пикиринде, президенттик форма баарынан да партия жетекчилерине пайдасыз.

- Алар бүгүнкүдөй өз бизнесин жүргүзө албай калат. Шайлоодо талапкерлер партиядагы орун үчүн соодалашып, чоң акча төлөшөт. Бири мандат алат, бири министрликке дайындалат. Президенттик башкарууда өлкө башчы командасын өзү түзүп, баарына жооп берет. Тандоо жасай турган мезгил келди. Же президент, же парламент жоопкерчиликти өзүнө алсын. Зулушевди азыркы президент үчүн президенттик башкарууну киргизгиси келип жатат деп сындап атышат. Бирок менимче ал конкреттүү жана натыйжалуу система болушун каалап атат. Канча референдум өтсө дагы элден “сен кандай өлкөдө жашагың келет?”- деп бир жолу сурап коюшкан жок. Мунусунда эл өзү кандай өлкөдө жашагысы келгенин тандасын. Буга ашыкча акчанын деле кереги жок. Парламенттик шайлоодо бюллетенге дагы бир “Сиз кандай башкаруу формасын колдойсуз?” деген суроону эле кошуп койсо болот. Ошентип биз элдин пикирин угабыз,- дейт У.Маматаев.

1-апрелде депутат Курманкул Зулушев Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдум өткөрүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун жарыялады. Референдумда жарандар парламенттик же президенттик башкаруу системасын тандашы керек. Эгер мыйзам кабыл алынса, өкмөт референдум өткөрүүгө даярдык көрүүгө тийиш.