- Рита эже, кечээ эле “баары мыйзам чегинде чечилиши керек” дегендер бүгүн өздөрү адилеттик издеп, сотторго ишенбестигин айтууда. Кыргызстанда мыйзамдын үстөмдүгү орношу мүмкүнбү? Аны орнотуу колубуздан келеби?

 

- Албетте, коомдо анын мунун таасири эмес, мыйзамдын үстөмдүгү орношу керек. Анткени, мыйзамдын үстөмдүгү орун алмайын эч качан адилеттүүлүк орнобойт. “Кантип мыйзамдын үстөмдүгүн орнотобуз?”- дегенде көптөр “жакшы, мамлекетчил инсандар  бийликке келсе баары ойдогудай болот, адилеттүүлүк орнойт”- деп ойлошот. Чынында жакшы кишилер деле жаман системага киргенден кийин бузулушат. Ошон үчүн  биз бүгүн  системаны оңдоп, ачык-айкындуулукка жол ачууга киришишибиз  керек. Ошондой эле сотто да ачык айкындуулукту талап кылышыбыз шарт. Болбосо, соттор резонанстуу соттук иштерде “видео тартпагыла, онлайн көрсөтпөгүлө, камералар тартып жатат” дешет.  Чынында камералар тарткан видеону прокуратура гана ала алат. Жөнөкөй адамдар алалбайт. Эгер  камакка алынып, соту болуп жаткан кишинин жасаган кылмышы чындап эле эл кооптоно турган болсо, “тарта бергиле, көрсөтө бергиле, мындай далилдер бар”- дешмек. Тыюу салып жаткандарына караганда соттолуп жаткан кишини камай турган далилдер жетишсиз. Ошон үчүн жасалмалуулукка жол беришип жатат деген маселе жарала баштады.

 

- Сапар Исаковдун айылдаштары аны коргоо комитетин түзүштү. Исаков айыпталып жаткандай чын эле  кылмышкерби же Атамбаев үчүн камакка алынып, жок жерден запкы чегип жатабы?

 

- Мен билгени Сапар Исаков эки иш боюнча айыпталып жатат. Бири ТЭЦтеги коррупциялык схема, экинчиси Тарых музейин оңдоп-түзөтүү иштериндеги каражаттар тууралуу айыпталып жатат. Оор берене коюлганы менен эмнегедир  адилеттүүлүк жокко эсе болуп жатат. Айтайын дегеним, балким күнөөсү бардыр. Бирок күнөөнү көрсөтмө менен эмес, жетиштүү далилдер менен аныкташ керек.

 

- Азыр Атамбаев жана анын командасы күнөөлүү болуп, жегич, ичкич болуп сүрөттөлүп жатат. Эртең эле Атамбаевчилердин абалы азыркы  бийликтегилердин  башына түшпөйбү?

 

- Бийликтегилер колунда бийлик турганда “бул система эч качан мага каршы иштебейт, мен таза иштеп жатам” деп ойлошот. Бирок, адам таза иштеп жатам дегени менен анын тегерек четиндегилер сөзсүз бир нерсеге малынган болот. Ал ачыкка чыкканда, “ким күнөөлүү?”- деген маселе жаралып, жыйынтыгында “жогору жактан тапшырма беришкен, мажбурлаган, мен жасагам” деп чыгышат. Мунун менен мен бүгүнкү болуп жаткан жагымсыз жагдай эртең да кайталанаарын, азыркы президент да Атамбаевдин кейпин кийип калаарын айткым келет. Кыскасы, көптөр кантип өзү иштеген системанын курмандыгы болгонун билбей калышат. Ошон үчүн системаны өзгөртүп, адилеттүүлүктү орнотууга багыт алышы керек. Болбосо, рейдерлик иштер соттордун колу менен ишке ашып жатканы эртең эле азыркы бийликтин башына муш болот.

 

- Кыргызстанда мамлекетти өнүктүрүүгө аракет кылгандан мурун өч алган, камаган жогору турабы?

 

- Мындай нерсенин баары мамлекетибиз 5 жылда мындай нерсеге жетиш керек. 10 жылда экономиканы көтөрүп, завод, фабрикаларды салып, ишке киргизип, элди жумуш менен камсыздап  калышыбыз керек деген  ойдогу адамдар кызматка келбей жатат. Баары эле жесем экен, ичсем экен, капчыгымды толтурсам, балдарымды чет мамлекетке окутсам, алар жыргап, куунап эч нерседен кем болбой жашашса экен деген ойдогу  адамдар кызматка келип жаткан үчүн ушундай терс көрүнүштөр орун ала баштады. Ошон үчүн кадр саясатын сындамыш болуп, жыйынтыгында баласын бир кызматка койгонго ашыккандар көбөйдү, пайданы көздөгөндөрдүн заманы келди.  

 

Чынайым Кутманалиева,

атайын “Саясат.kg” үчүн

  

.