- Турсунбек мырза, кереметтүү Ысык-Көлдө “Туулган жердин топурагы алтын”- деген темада мекендештердин 4-форумуна президент Сооронбай Шариповичтин катышкандыгын кубаттагандар көп болуп жатат. Бул нерсе экс-президент менен азыркы президенттин бири-биринин ишин колдоого алгандан кабар береби?

 

- Ошондой десек да болот. Анткени, мекендештер форумун Роза Отунбаеванын “Демилге” фонду 4-ирет өткөрүп жатыптыр. Бирок, бир да жолу президент катышпаптыр. Сооронбай Жээнбеков жакшы жөрөлгөнүн башатын баштап, биринчи жолу барып, дүйнөнүн төрт бурчунан келген мекендештер менен жолугуп, сөз сүйлөп, алардын суроолоруна жооп берди. Сооронбай Шарипович Роза Исаковнага дүйнөнүн 27 мамлекетинен мекендештерибизди чакырып, мамлекет үчүн пайдалуу болгон иш-чараны жасаганына  ыраазы болсо, Роза Отунбаева бул иш-чарага президент өзү келип катышканына жетине албай, чын дилден ыраазычылыгын билдирди.

 

Президенттин жөнөкөйлүгүн, адамкерчилигин, токтоолугун, жети өлчөп бир кескен мыкты сапаттары ошол форумда да байкалып турду. Ал мекендештердин бир да суроосун жоопсуз калтырган жок.

 

Сооронбай Шарипович: “мекендештер эч качан кароосуз калбайт, силерге кам көрө турган артыңарда кыргыз мамлекети бар. Силер үчүн колунан келген жардамын аябайт”,- деп аларга дем, күч берди. Инвестор  меценат болуп калган мекендештер президенттин алдында улуттук мекендештер менен иштешүү боюнча кеңеши түзүлүп, ишке кирет деген маалыматты угуп ыраазы болушту. Форум максатына жетип, чыныгы диалог болду.

 

- Жарандык коом Бишкек шаарынын мэр шайлоосуна нааразычылыгын билдиришти. Жарандык коомдун позициясын колдойсузбу?

 

- Мен деле атаандашы жок Суракматов жалгыз талапкер болуп чыкканына каршымын. Кандай шайлоо болсо да альтернативдүү болсо болмок. Оштун мэрин деле теңтайлашы жок эле шайлап коюшту. Демократиялык жолдо бараткандан кийин альтернативаны да колго алышса болмок. Бирок, мэр шайланып жатканда жарандык коомдун өкүлдөрү басым кылып, “Суракматов туура эмес шайланды” деп митинг өткөрүшкөнүн туура көргөн жокмун. Анткени, граждандык коомдун өкүлдөрү мамлекеттин ишине кийлигишкенге акыбыз жок. Шайлаган адамы үчүн бийлик өзү жооп берет. Ошондуктан мындай басым кылуунун кажети жок. Граждандык коомдун өкүлдөрү митинг, пикет кылып, “тигини, муну шайлагыла” деп басым кылгандын өзү туура эмес. Президент алар менен сүйлөшүп, ызаат кылып, иштешүүнүн жолун баштаса, алар шантаж кыла баштады. сындаганы туура бирок, мэр шайланып жатканда басым кылганы аша чапкандык.

 

- Анын” 2 миллин доллар карызы бар” деген маалыматтар чыга баштады. Суракматов шаардыктардын жашоосун жакшыртыш үчүн эмес, өзүнүн бизнесин илгерилетиш үчүн кызматка келген эмеспи?

 

- Бардык бизнесмендерде андай кредит бар. Андан чочулабай деле койсок болот. Кредит албай ишин илгерилете алышпайт. Ал мэр болбосо деле ошол кредитин төлөмөк. Төлөбөсө ишканасы токтоп, камалып кетет. Ошон үчүн кандай болсо да, кредитин төлөмөк. Ошол кредитин жабыш үчүн мэр болгон жок да. Ал да таза иштеп берем деди. Эми ар кайсыны айта бербей, иштешине мүмкүнчүлүк берели да. Президент менен премьер-министр да бекер тандабаса керек.

 

- Суракматовду мактап калыпсыз, жеке тааныштык жайыңыз барбы?

 

- Мен аны тааныбайм. Бир да жолу сүйлөшүп көргөн эмесмин. Болгону ага граждандык коом тарабынан басым жасалып жатканын айтып жатам. Болбосо анын  мага ысык суугу деле жок.

 

 - Турсунбек мырза, Кыргызстандын атагын алыска, даңкын далайга жеткирет деген “Көчмөндөр оюну” тууралуу түрдүү пикирлер айтылып жатат. Сиз көчмөндөр оюну тууралуу кандай ойдосуз?

 

- Көчмөндөр оюнун жөн эле өткөрө бербей, идеологиялык пайдасын көрүшүбүз керек. Башкача айтканда, сабак алышыбыз керек. Чындыгында “ата-бабаларыбыз кандай жашаган. Биз алардын нарктуу, насилдүү салт санаасын сактап кала алабызбы? Урпактарга татыктуу өткөрүп бере алабызбы?”- деген темада мамлекеттик каналда талкуу уюштуралы деген ой менен президентке жана премьер-министрге сунуш бергем. Менин сунушум жактырылып, бул маселе боюнча Кубат Айылчиевичке кирип чыктым. Ошондой эле бул сунушту уюштуруу комитетинин башчысы көзөмөлгө алып, “Көчмөндөр оюнунун” секретариатына да тапшырма беришти. Кудай буюрса, көчмөндөрдүн тарыхын билген аксакалдарыбыздын башын бириктирип, көчмөндөр тууралуу ар тараптуу талкуу уюштурабыз деген ойдомун.

 

- Баса, 47-колонияга кимдин өтүнүчү менен кирип чыктыңыз?

 

- 47-колонияга КР Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасынын уруксаты менен кирип чыктым. Экстремизм, терроризм боюнча камакка алынган адамдардын  жакындары ак жеринен эле камалганы боюнча айтып, кирип чыгышымды өтүнүшкөн. Ошолордун өтүнүчүн аткаруу максатында бардым. Мамлекеттин бюджетинен каражат бөлүнүп, атайын диндин негизинде соттолгондор өзүнчө камалганын жана алар үчүн эл аралык стандарттын негизинде курулган имаратты көрүп чыктым. Көбү “тыюу салынган адабияттарды чөнтөгүбүзгө салып, же биз тарапка ыргытылганы үчүн эле камалдык”- дешти. Атамбаевдин убагында УКМК планды аткаруу үчүн жок жерден эле терроризм, экстремизмди шылтоо кылып, сакалчандарды камап салган окшойт деген ойго кептелдим. Чынында аларды сакал коюп, намаз окуганы үчүн күнөөлөгөнгө болбойт. Эң негизгиси 47- колонияда баарына бирдей мамиле кылынып, куугунтукка алышпайт экен.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №30 (366), 15.08.2018-ж.