- Турсунбек мырза, Сапар Исаков “саясый куугунтук башталды, мен саясаттын курмандыгы болуп жатам”- деген ойду ачык айта баштады. Сооронбай Жээнбеков Атамбаев баскан жол менен кетип жаткан жокпу?

 

- Азыр Сооронбай Шарипович саясый куугунтук менен эмес, мамлекетти Атамбаевдин татыксыз кадрларынан тазалоонун аракетин көрүп жатат. Ал саясый куугунтук кылбайт. Эгер Сооронбай Шарипович кыска ойлонгон, жеке кызыкчылыгын жогору койгон адам болсо, буларды эбак эле кызматтан алып, баарын түрмөнүн түпкүрүнө салып коймок. Ал ар бир адамга, адиске аяр мамиле кылган, керек болсо катуу айтпаган, көп иштеп аз сүйлөгөн интеллигент адам. Ошондуктан, коомчулукту дүрбөлөңгө салган иштер менен алек болбойт. Мен билгени ал кызматынан кыянаттык менен пайдалангандарды, мамлекеттин казынасын куруткандарды суракка чакыртып, тыкыр иликтетип жатат. Ошондуктан УКМКга суракка чакырылгандарга саясый боёк сүртүүдөн алыс болушубуз керек. Сапар Исаков УКМКга кайра –кайра суракка чакырылганына капаланып, “мага саясый  куугунтук башталды” деп жаткандай түр көрсөтүүдө. Бирок, бул чыныгы куугунтук эмес. Бул мамлекетти иретке келтирүү, тазалоо десек болот.

 

- Эгер Сапар Исаковдун айтканы орунсуз болсо анда эмнеге Кубанычбек Кулматов да “иштен кетишиме саясат себеп болду” деди?

 

- Мен Атамбаевдин мезгилинде жылдызы жанган, бир кызматтан экинчи кызматка секирик жасап турган Кубанычбек Кулматовдун кызматтан кетишин саясый куугунтукка тагыраак айтканда, саясатка байлабайт элем. Ал УКМКга жөн жерден суракка чакырылган жок. Кайсыл жерден калпыстыкка жол берсе, ошол маселени  иликтеш үчүн күбө катары суралды. Ошондуктан, кызматтан алынып, УКМКга чакырылгандын баары саясый куугунтук деген  бет капты бетине чаптабашы керек. Алар коррупция менен күрөш башталганын түшүнүшү керек.

 

- Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы мамиле чындап эле курчуп баратабы  же экөөнүн тирешкенин каалаган күчтөр түрдүү боёк сүртүп, кырдаалды татаалдаштырыштыбы?

 

- Чындап эле мурунку менен азыркы президенттердин ортосундагы мамиле курчуп, кыл чайнашкан убакка келишин күткөн күчтөр да, тырмактай нерсеге да боёк сүртүп, кырдаалды татаалдаштырууну каалагандар да бар. Кыскасы, кырдаалдын курчушуна  түрдүү себептер бар. Бири жогорудагы күчтөр болсо, экинчиси Сооронбай Шариповичтин Атамбаевдин туура эмес иштеринен иренжигенинен ушундай жагдай жаралып жатат. Ошон үчүн баарыбызга кырдаал курчуп, күрөш күчөп жаткандай сезиле баштады. Мага жеткен маалыматтарга караганда Сооронбай Шарипович Атамбаевдин өйдө ылдый туура эмес сөздөрүнө териккен жок. Анын мамлекетти алсыраткан татыксыз кадрларына жана казынаны какшыткан иштеринен иренжип ушундай кадамга барууга аргасыз болгон. Ошондуктан, анын татыксыз кадрларын мамлекеттик кызматтардан четтете баштады. Мына бүгүн да сотторго буйрук берип, үстүнөн тескеп турган айтылуу Манас Арабаевди кызматтан алды. Кыскасы, Сооронбай Шарипович  адилеттүүлүктү орнотууга аракет жасай баштады.      

Мен Сокемди студент кезинен бери билем. Ал кир нерсени, туура эмес ишти жаман көрөт. Башкача айтканда, иренжип кетет. Ошон үчүн мурдагы жакшы мамиленин, достуктун баарын жыйыштырып, Атамбаев да, башкалар да күтпөгөн кадамдарды жасап, Атамбаевдин ишенген кадрларын чекесинен суракка чакырта  баштады. Буга саясый боёк сүртпөй, тескерисинче ар ким жасаган иши үчүн жооп берчү мезгил келди деп кабыл алышыбыз керек.   

 

- Демек, парламент төрүндө “экс-президентти кол тийбестигин алалы” деген демилгелер да жөн жерден көтөрүлбөптүр да...

 

- Мен Атамбаевдин кол тийбестигин алалы деген демилгени көтөргөндөрдүн артында Сооронбай Шарипович турат деген ойдон алысмын. Ошондой эле мурунку президенттердин жоопко тартылышын, эл алдында уят болушун каалабайм. Бирок, ошондой маселенин көтөрүлүп жатканынын өзү опурталдуу нерседен кабар берерин сезип жатам. Өкүнүчтүүсү, кыңыр иш кырк жылда эмес, алты айда эле  билине баштады.

 

- “Президент ак иштейт, туура эмес иштерге жол бербейт” дегениңиз менен Бишкек жылуулук-электр борбору (ЖЭБ) боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы талкуу болгондо  Сапар Исаков “ЖЭБке Сооронбай Жээнбеков эле эмес, анын бир тууган иниси Асылбек Жээнбековдун да тиешеси бар” деген ойду кыйытып, ал тургай аларды учурунда аяп койгонун айтты го...

 

- Мен Сапар Жумакадыровичти сыйлайм. Анын жакшы иштери, колдоого алчу демилгелери бар, иштейм деген азаматтардан. Коомчулукта айтылып жаткандай ал таптакыр эле жаман адам эмес. Бирок, бу сапар ал да калпыстыкка жол берди. Болгону, өзүнө кылмыш иши ачылайын деп УКМКга суракка чакырылып жатканда “буларды кошо каралап кетейин” деген аракети бет тырмалык болуп, орунсуз болуп калды. Чынында Сооронбай Жээнбеков ЖЭБдин ачылышына тийешеси болбогон үчүн барган эмес. Негизи депутаттык комиссия ЖЭБке 30дай адамдын тиешеси бар экенин айтып, тийешеси жокторго деле доомат коюп, күнөөлөп жатышат. Ошон үчүн бул ишти тыкыр иликтеп,  чыныгы күнөөлүүнү таап, жазалаш керек. Болбосо ак жеринен каралагандар да жок жерден запкы тартып калышы ыктымал.

 

- Сиз “ыплас иштерге жол бербейт, тазалыкты сүйөт, жаман иштер менен алек болбойт”- деп ишенген курсташыңыз Сооронбай Жээнбеков менен Райымбек Матраимовдун туугандык байланышы бар деген кептер айтыла баштады. Эгер “Райым миллион” соттон Сапар Исаковду утуп чыкса, аны баштагы кызматына коёбу?

 

- Мен түштүккө көп барам. Буга чейин  Матраимовдор менен Жээнбековдордун туугандык  байланышы бар экенин уккан да, көргөн да эмесмин. Булар  колтукташкан да эмес, каршылашкан да эмес. Мен билгени Райымбек Матраимов Икрам Илмияновдун арты менен бажы тармагына келген. Төрт жыл Атамбаевдер анын капчыгын болушунча  колдонушкан. Пайдаланып туруп, себеби жок кызматтан алып койгону үчүн өз укугун коргоп, сотко кайрылып жатат. Сотко кайрылганы, чындык издегени туура эле иш. Анткени, бирөөнү кызматтан аларда алгач эскертүү, сөгүш бериш керек. Анда да ишин жөндөй албаса, анан кызматтан алыш керек. Бирок, бул жигит интеллигент экен. Мыйзамсыз кызматтан алынса да, Атамбаев тууралуу бир да жаман сөз айткан жок.

 

- Айтмакчы, Акыйкатчы Кубат Оторбаев Өмүрбек Текебаевге кечирим кылуу маселесин көтөрдү. Бирок, Текебаев мунапыстан баш тартты. Бул боюнча не дейсиз?

 

- Оторбаев туура маселени көтөргөнү менен калпыстыкка жол берип, акыйкатчы эмес, журналисттей ойлонуп алып иш жасады. Ошон үчүн анын бул демилгеси түрдүү пикир жаратты. Айтайын дегеним, саясый куугунтуктун азабын жалгыз эле Текебаев тартып жаткан жок. Ошондуктан, жок жерден азап тартып, күнөөсү далилденбесе дагы жалаанын негизинде камалып жаткан бардык саясый туткундардын атын атап, президенттен ырайым кылууну суранса болмок. Сыягы, Кубат Оторбаев эки жылдан бери өткөрө албаган докладын парламентте колдоп береби деген үмүт менен “Ата Мекенден” колдоо күтүп,  жалгыз Текебаевдин атын атаган окшойт. Баары макулдашылып жасалган иш болгондо Текебаев чалкасынан түшүп, мунапыстан баш тартмак эмес. Негизи  Текебаевдин позициясы туура. Ал жалган жалаа үчүн камалып жатат. Ошон үчүн мунапыстан баш тартты.

 

- Турсунбек агай, айрым билермандар 61 жаш Кыргызстандын президенттери үчүн  тактан түшкөн, опурталдуу курак экенин айткандар чыга баштады. Чын эле кыргыз президенттери үчүн 61 жаш оомат кеткен,  ойго салган  куракпы?

 

- Чынында мындай  нерселерге анчалык деле маани бере бербейм. Себеби, 61 жашында тактан түшкөн президенттер элүүдөн өтүп калганда, быша элек мезгилинде бийликке келишкен. Ошон үчүн алардан 61 жашында оомат кетип, тактан түшүштү. Мен бул нерселерди кандайдыр бир ырым-жырым катары эмес, жөн гана дал келүү катары кабыл алам. Чынында Кытайда барандуу мамлекеттик кызматтарга 60 жаштан жогоруларды коёт. Анткени, ал жакта адам 60 жаштан өткөндөн кийин  бышат деп эсептелет. Буюрса, Сооронбай Шарипович да 60 жашка карап калганда президент болуп шайланды. Кудай кааласа, 65-66 жашында президенттик  мөөнөтүн аяктап,  мамлекетти татыктуу президентке тапшырат, мамлекетчил президенттердин катарын толуктайт деп үмүт кылам.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити