Рустам Маманов Кыргызстандын кечээки тарыхына жана келечегине күйүп, улуттук духубузду, рухубузду иш менен көтөрүп келе жаткан саналуу патриот жигиттердин бири. Республикалык масштабта анын кайрымдуулук иштери баарына белгилүү. Жеке чөнтөгүнөн каражат коротуп, жазуучуларды жалдап, кыргыз санжырасын толук көлөмдө жаздырып жатат. Бирдиктүү мектеп формасына өтүү маселесине бийлик кайдыгер караса, Р.Маманов атайын сынак уюштуруп, тикмечи-модельерлерге сый акый берип, бул улуу ишти аягына чыгарды. Улуттук бийибиз жок журдүк эле, Рустам Ырысбаевич миллиондук сынакты баштап жиберди. Азыр мына, баарыбызы “кара жоргону” бийлеп калдык. Кыскасын айтканда, чыныгы мекенчил, элге кызмат кылган мыкты адам!

 

Мына ошол патриот инсанды КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы коркунучтуу кылмышкерди камагандай бүт дүйнөгө жар салганына чындап кыжырың кайнайт экен.

 

Рустам Маманов менен Р.Воинов эмне себептен камалды? Айрым маалыматтарга караганда, бизнесин ар дайым ачык жана таза алып жүргөн Р.Мамановго кытайлык аферисттер тишин кайрап жүргөн. Мына ошол кытайлык рейдерлер жетектеген “Цинхуа” жоопкерчилиги чектелген коомунун адвокаты Кайрат Загибаев коомчулукка “34 миллион долларлык мүлктү рейдерлик жол менен тартып алганы жатышат”, - деп жалган кеп таркатып, жанын жеп жүргөнү белгилүү. 

 

Талаштын чоо-жайы тууралуу архивден кытайлар “биздики, акча салганбыз, анан бизден тартып алды” делген көп кабаттуу үйдүн курулушун жүргүзгөн “B.LS” курулуш компаниясынын өкүлү А.Жекшеевдин айткандарын атайын таап чыктык. Чырдын чоо-жайын адвокат атайын маалымат жыйынында түшүндүрүп берген экен.

 

- “Цинхуа” компаниясынын өкүлдөрү: “биздин 34 миллион долларлык мүлкүбүздү мыйзамсыз түрдө тартып алганы жатышат. Сотко беришип, бизди сотко чакырышпай туруп чечим кабыл алышып, мыйзамсыз түрдө иш-аракеттерди жасашкан. Бул рейдерлик тартып алуу”- деп коомчулуктун башын адаштырган маалымат таратты. Бирок, Загибаев, же компания өкүлдөрү тарабынан сөздөрүн документтер менен далилдөө болбоду. Ошондогу маалыматка биз да жооп берели деп чечтик. Булар өздөрүн Кытайдагы кубаттуу “Цинхуа” корпорациясынын өкүлү катары көрсөткүлөрү келет. Жалган! Сөз болуп жаткан “Цинхуа” - жоопкерчилиги чектелген коом болуп эсептелинет. Кыргызстандын Адилет министрлигинен каттоодон өткөн, өлкөдөгү көп компаниялардын катарындагы кадимки жоопкерчилиги чектелген коом.

 

Ошондуктан, “Цинхуа” корпорациясынын атынан сүйлөп аткандардын атактуу корпорацияга эч кандай тиешеси жок. Булар анткорлонуп, “ири кытай компаниясына каршы соттор туура эмес чечим токуп, инвесторду чочутуп жатат”,- деп жалган айтып жанын жебей эле коюшсун. Адвокат Загибаев коргоп аткан компанияны Чен Маучунь аттуу жалгыз кытайлык жаран негиздеген. Бул биринчиден.

 

Экинчиден, алар инвестиция катары 34 миллион доллар салганбыз деп айтышууда. Келишимде беш миллион доллар көрсөтүлгөн. Эч кандай 34 миллион доллар тууралуу кеп болушу мүмкүн эмес. Кошумчалай кете турган нерсе, курулган үйлөрдүн элүүдөн ашык батирлери сатылган. Алардын суммасы 5 миллион доллардан ашык болуп кетет. Ошондуктан, “Цинхуа” курулушка үлүш катары кошкон 5 миллион долларын ашыгы менен чыгарып кетти десек болот. Бул компаниядан “Баткен майнинг компани” деген компания да жабыр тарткан. “B.LS” курулуш компаниясынын жетекчиси Рустам Воиновду алдагандай эле, аталган компанияны да так ошол схема менен курутууга катуу аракет жасашкан. Дал ушундай эле схема менен алар “Баткен майнинг компани” компаниясынын 80% үлүшүн алып койгон. Алар алгач “34 миллион доллар инвестиция алып келебиз, алтын кенин чогуу иштетели, үлүшүңөрдү бергиле” дешип, каттоодон өтүп алышкандан кийин айтылган сумманы төлөбөй, компанияны тартып алышкан.

 

Воинов негиздеген компанияны да “5 миллион доллар инвестициялайбыз, үлүшүңдү бер” деп сунушташкан. “Чогуу иштетебиз” деп 100% үлүшүн алышкандан кийин, өз милдеттенмелерин аткаруудан баш тартышкан. Воинов сотко кайрылып, Кудай жалгап келишимди жокко чыгарууга жетишкен. Баштапкы эки тарап чогуу даярдаган келишим мыйзамга ылайык келбегендиктен кийин алар өздөрүнчө жасалма келишим жасашкан. Мыйзам талабына ылайык, компаниянын негиздөөчүсү Кытайдын жараны болгондуктан, орус тилинде сүйлөй албагандыктан, келишимдин түп нускасынын нотариалдык түрдө ырасталган котормосу сөзсүз болушу керек. А буларда котормосу да болгон эмес. Келишим орус тилинде түзүлгөн. Бирок, кийинчерээк кетирген каталарын сезе салышып, Каримов деген котормочунун атын жаза салышып, жасалма келишим жасашкан. Бирок, анда коюлган кол Воиновдуку эмес. Сот териштирүү жүргүзгөндөн кийин келишимди жокко чыгарган. Ал эми “B.LS” курулуш компаниясы Ильяз Сатаровго кандайча өтүп кеткен деп таң калып жатсаңыздар, анда Воинов менен Сатаровдун ортосунда алды берди болгон үчүн Воинов аталган компанияны Сатаровго өткөзүп берген. “Цинхуада” аргументтер түгөнүп, аргалары калбай калды. Ошондо да, эми сот менен коомчулукту кайраштырып, “соттор тартып алып атат, мындай шартта Кыргызстанга бир да инвестор келбей калат” деп айтып чыгышты.

 

Менин жеке оюмда, бизге Кыргызстандын мыйзамдарын, жарандардын кызыкчылыгын сыйлаган инвесторлор керек. Андай инвесторлор бар, бүгүнкү күндө эч кандай маселеси жок эле ишмердүүлүгүн жүргүзүп атышат. Ал эми “Цинхуанын” ар бир аракетине сот аралашкан. Мен айтат элем, сотторду күнөөлөбөй, рейдерлик басып алуу болуп атат дебей, күнөөнү өздөрүнөн издеп көрүшсө болмок. Мыйзам талабын аткарбастан, чоң акча алып келебиз деп коюп, компаниялардын үлүшүн тартып алып, жылдан соттон баштары чыкпай жүрүшөт. Мына ушул нерсени коомчулукка жеткирүү керек. Воиновдун компаниясы менен “Баткен майнинг компани” компаниясынын үлүшүн тартып алууда бирдей схема колдонушкан. Бирок, тилекке жараша сот аркылуу жабыр тарткандар укуктарын калыбына келтирип атышат,- деп айткан А.Жекшеев.

 

Ошол эле маалымат жыйынында “Баткен майнинг компаниясынын” өкүлү Куценко Константин аталган “Цинхуа” фирмасы так эле ушундай жол менен бул компаниянын 80 пайыз үлүшүн алып койгонун тастыктаган.

 

Демек, кытайлык аферисттер жаңы президент келип, жетекчилердин алмашып жатканынан пайдаланып, арам аракеттерин б.а. көз артып жүргөн байлыктарын арамзаланып тартып алууга аракет жасашууда. Атайын кызмат болсо президенттин коррупцияга каршы күрөшүн кимдин үстүнөн арыз келсе эле камап салыш керектей түшүнүп алса керек да. Болбосо, адамды камакка алардан мурда айыбы бар же жогун аныктоо керекпи? Эгер тергөө адилеттүү жүрсө, Рустам Маманов да, Р.Воинов да сөзсүз акталып чыгат. Болгону убакыт гана керек...