Жети ай өкмөттү башкарып, тегерегине жалаң эле Батыштын атактуу окуу жайларынын диплому бар сулуу селкилерди чогултуп, алары эртеден кечке күзгүнү каранып, интернеттен социалдык тармактар аркылуу фейктердин атынан “иштеп”, карапайым калктан алыстап кеткен С.Исаковдун тактан кулагандан кийинки аракеттери “жыгылган күрөшкө тойбойт”,- дегендей эле болуп калды. “Сары бала” кимге ишенди, айтор, өзүнүн тагдырын чече турган депутаттарды көзгө илбей, “токтой туруңуз, мен айтайын, сиз билбейсиз...”,- деген акылдуу сөздөрү кайра өзүнө октой атылып, акыры ишенимден биротоло кетип тынды. Ошол эле күнү кечинде эски бийликтин кландары тарабынан каржыланган бир телеканалдан чыгып алып, “Кырк кадамы” баш болгон ишке ашпай калган акылдуу долбоорлорун саймедиреп берди. Баарынан да эл өкүлдөрүн “120 саясый өлүккө” теңеп, өзүнүн дарамети чектелүү экендигин көрсөтүп койду. Эми бул олдоксон сөзү үчүн жооп бермекчи. Мындан тышкары социалдык тармактардан ошол эле белгисиз фейктердин колдоп жатышы жана 5-6 жаштардын “С.Исаков, мы с Вами!” деген ураанды көтөрүп акция уюштургандыгы да атайын буюртма экендиги билинип калууда. Ал тургай “С.Исаков – будущий президент!”,- деген сөздөр да айтылууда. Мына, көрдүңөрбү, иттин өлүгү кайда көмүлгөндүгүн. Кудай жалгап бул ирет ЖК депутаттары эч нерсе жасабаган менен “жок” деген кнопканы басууга жарап, “эркектик” кылышты.

 

Булак: “Майдан.kg гезити, №15 (352), 25.04.2018-ж.