Талас областык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Алмаз Жумабековдун март айынын соңунда башкармалыктын башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалганы эркин гезиттердин бетгеринде байма-бай жарыяланып, кыргыздын канына сиңген ичи тардык, көрө албастык айрымдардын тынчын алып түн уйкусун бузуп жатса керек. ИИМдеги бул катардагы эле дайындоого саясатты аралаштыруунун кимге кереги бар? Алмаз Жумабеков иниси Дастан Жогорку Кеңешке депутат боло электе эле тээ 1997-жылы ИИОдо эмгек жолун катардагы милиционерден баштап, 1999-жылдан тартып оперативдик кызматтарда иштеген. Чүй, Талас, ОИИБда оперативдик кызматгарда иштеп жүрүп, ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында (Азыркы криминалдык кызмат) өзгөчө оор жана оор кылмыштар боюнча опер кызматкер, ага опер кызматкер, өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага опер кызматкер, бөлүм начальниги болуп 2016-жылдын декабрь айына чейин кызмат өтөгөн. Алмаз өз ишин мыкты билген, тажрыйбалуу кесипкөй кызматкер. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин, андан кийин ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясын ийгиликтүү аяктаган. Полковник наамын 2015-жылдын март айында алган. Ал кезде иниси Дастан Жумабеков Жогорку Кеңеште катардагы эле депутат болчу. Алмаз Жумабековдун милиция кызматкерлеринин арасында чанда кезигүүчү жогорку маданияттуулугун, жөнөкөй кичи пейилдигин, ал орун басар кезинде эле Таластын эли урматоо менен бугүнкү күнгө чейин айтып келишет. Анан эле чакан бир обулустун милиция башчысы болуп дайындалышынан бөйрөктөн шыйрак чыгарып, саясатка аралаштырып жибергенибиз эч кандай логикага сыйбайт го! Анда эмне, Кыргызстана эле эмес, дүйнөгө таанымал айтылуу хирург-ортопед Сабырбек Жумабеков да иним спикер болду, менин ишмердигим анын ишине тоскоол болот,- деп врачтык кесибин таштап кетиши керекпи? Ушул жерден бир икая эске түшүп турат: Адамдагы жакшы сапаттарды көрө албаган ичи тар, пейли бузук бир кор пенде, жан дүйнөсүтаза, кең пейил адам менен кошуна болуп жашап калат.

 

Алиги пейли жаман адам кошунасынын элге жасаган жакшы ипггерин көрө албай, ар кандай жаман иштерге барат. Ал эми тиги кошуна өзүнүн асыл, изги иштерин уланта берет. Бир күнү жанагы пейли жаман түн ичинде жугунду толгон чакасын тиги кошунасынын короосуна алып барып коот. Эртец менен турган кошунасы эшигинин алдындагы жугунду толгон чаканы көрүп, жугундуну алые алып барып төгүп, чаканы таптаза кылып жууп, ичине кыпкызыл болуп бышкан алмадан толтура салып, кошунасынын эшигин кагат. Тиги пейли жаман: “Эми мени менен урушасың го, качанга чейин эле жакшы бойдон жүрмөк элең” ,-деп эшигин ачса кошунасы жылмайып: “Бул алмадан ооз тийип кой, ким эмнеге бай болсо, ошонусу менен бөлүшөт”,-деп басып кетиптир. Бул икаяны эстегеним бир үй-бүлөдөн бири илимдин доктору, атактуу профессор, бири ууру кески менен курөшкөн укук коргоочу, бири саясаттын татаал жолунда мудүрүлбөй келе жаткан саясатчы чыгып жатса, көр пенделик кылып ичи тардык кылбай, кайра сыймыктанышыбыз керек эмеспи! Демек бир тууган Жумабековдордун ата-энеси балдарына туура тарбия бергени, азыркы жаш ата -энелерге үлгү болоорлук эмеспи!

 

Коомдо орчундуу талкуу жараткан даты бир маселе: Президент С.Ш.Жээнбековдун бир тууган иниси А. Жээнбековдун депутаттык мандаты жөнүндө. Президент да, депутат да эл тарабынан шайланган. Экс Президенттин азыркы Президенттин иниси мандатын тапшырсын деп айтууга эч кандай моралдык акысы жок. Атамбаев айтты деп эле уудуу кеп кыла берген айрым күчтөргө керек болсо керек. Эми ал киши коп эле сөздөрдү айтгы да. Бир дубан эл “Абыке-Кобош” болду. Дагы бир дубан эл “мал” болду. Эки бир тууган эл аз жерден бет карашпай кала жаздап, чек ара жабылып, кедергиси карапайым калкка тийди. Өлкөдө кош бийлик жаралуу коркунучу пайда болууда. Мындай учурда Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырбай эле койгону оң. Агасы премьер-министр болгондо Жогорку Кецештин торагалык кызматынан оз ыктыяры менен кетти го. Азыр ал катардагы эле депутат. Шайлоо алдында, шайлоодон кийин да бир тууган Жээнбековдордун дарегине бир дагы жаман соз илешкен жок. Депутаттык мандатын тапшырса эле агасынын ишине кийлигишпейт деп ким кепилдик бере алат? Мандат тегерегиндеги уу дуу кептер өлкө президентинин коррупцияга каршы жүргүзүп жаткан саясатына каршы жүргүзүлгөн мокок саясат болсо керек.

 

“Бир туугандарымды менин ишиме кийлигишүүсүнө жол бербейм,”- деп бир эмес,бир нече жолу айтпадыбы президент С.Ш.Жээнбеков. Өлкө башчысына ишенели, жапырт колдойлу. Биз башка өлкөлөрдөн мисал келтиргенди жакшы көрөбүз го. Тажикстандын президентинин уулу Душанбе шаарынын мэри болду. Түркмөнстандын президентинин уулу өлкө парламентинин депутаты болду. Муну тажик, түркмөн эли демейдеги эле окуядай кабыл алышты. Биздин эле саясатчылардын жөн жерден чычалай бермейлери калбады.

Булак: Ачык Саясат