Картинки по запросу Жанар Акаев

 

Буга чейин азыркы тапта Жогорку Кеңештин депутаты болуп отурган Жанар Акаев менен Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы прокурору Канжар Кадыралиевдин ортосундагы талаш-тартыш маселе коомчулуктун бүйүрүн бир топ кызыткан.

 

Ошол убакта президенттин маалымат катчысы болуп турган Жанар Акаев кызматтык абалынан пайдаланып, сотторго басым жасап, Канжар Кадыралиевди каралоо аракетин жасаганы айтылган. 15-августта Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда дал ошол талаш-тартыштын өзөгүн түзгөн Канжар Кадыралиевге карата козголгон кылмыш иш боюнча соттук териштирүү уланууда.

 

Албетте, соттук териштирүү өз нугу менен кете берсин. Бирок, буга чейин Канжар Кадыралиевдин Жанар Акаевдин дарегине айткан билдирүүлөрүнө неге көңүл бурулбай келатканы түшүнүксүз болууда. Тактап айтсак, К. Кадыралиев буга чейинки сот отурумдарынын биринде: “Жанар Акаев менден пара алган, менин бул сөзүм тастыкталбаса кылмыш жоопкерчилигин тартууга даярмын” деген маанайда пикирин айткан. “Мен бул маселени эртеби-кечби айтмакмын. Чынында Жанар Акаев менден 15 миң доллар талап кылган. Буга далил катары видеотасма, сүрөт, телефон распечаткасы бар. Анан биздин тууганыбызЖанарга 7 миң доллар пул алып барып берет. 7 миң доллар алып барып бергени видеого түшөт. Кантип сүйлөшкөндөрүбүз дагы записте бар. Ошо менен Жанар Акаев кичине солгундайт, токтойт, мага тийишкендери калды. Ага чейин ооруканага да Өндүрүш Токтонасыровду ээрчитип барып митинг кылдырды”, - деген  эле К Кадыралиев.

Түшүнүктүү болушу үчүн айта кетели, Канжар Кадыралиев менен ырктары келишпей, соттошуп атышкан экинчи тараптын кызыкчылыгын көздөгөн Жанар Акаев бир эле ок менен “эки коен” аткысы келген. Ал экинчи тараптын кызыкчылыгын жүзөгө ашыруу менен бирге Канжар Кадыралиев тараптан да акча алып үлгүргөн. Ал эми экинчи тараптан “Лексус-470” үлгүсүндөгү автоунаа жана 12 миң доллар “белек” алган экен. Муну да Канжар Кадыралиев билдирген.

 

Бирок, бүгүнкү күнгө чейин мына ушул маалыматтардын канчалык деңгээлде чын-бышыгын Жанар Акаев өзү да бир ооз сөз менен коомчулукка айтып бере элек. Алтургай эркин басылмалардын бири ага бул багытта конкреттүү суроолорду да жолдогон. Жооп жок. Ошондо “унчукпаганы – макул болгону” деп түшүнө берсек болобу? Деги буга тиешелүү укук коргоо органдары качан көңүл бурат болду экен?

 

Баса, дагы бир жагдайды кошумчалай кетели. Кече жакында эле Жанар мырза Ѳмүрбек Текебаевдин сотуна барып катышып, “Эгерде Текебаев камалса, анда мамлекетибиздеги бүтүндөй демократия камалат” деп “дөөрүдү”. Муну менен ал “демократия” деген түшүнүктү “Текебаев” деп түшүнө турганын билдик. Демек, Текебаев камалса, анда АКШдагы демократия да камалып калган болуп калабы? “Бүтүндөй демократия” деген жер шаарындагы демократияны түшүнөбүз да.

 

Экинчиден, Ж.Акаевдин мындай кадамы – өзүнүн артындагы калбырларынан чоочулаганы экенин баамдасак болот. Себеби, паракорчулук, коррупцияга аралашкандарга эч кандай аео болбой тургандыгын турмуш жүзүндө көрүп атабыз. Андыктан Жанар мырза да жаштыгына карабай коррупцияга малынып алып, эми карт саясатчылардын катарында “Бүгүн мен Текебаевди коргоюн, эртең ал мени коргойт” деген позицияга өтүп алганын байкоого болот.