Ыйман ноктосу үзүлгөн жерде кандай коом жаралаары туурасында улуу жазуучубуз Ч.Айтматов публицистикалык эмгектеринде айтып кеткен көрүнүштүн дем-күчү артып барат. Дал бүгүн. Болгондо да бийликтин эң жогорку эшалонунунда. Анын коридорунда эс калчаган бирөө-жарым жоктой. Баары эле заарын бүрккөн өктөмдүккө таянып саясат жүргүзгөн үчүн адеп, ыймандын нокто-чылбыры үзүлүп, кара күч менен каршылаштарынан өчмөндүү кегин алуу саясаты күүсүнө келди.

 

Бийликке сын-сыпат айткандарды сындыруу четинен уланууда. Ачык да, көмүскө да. Президент заарын ичине каталбай калганын анын ар бир жолку эл алдында айткан-дегендери айгинелеп отурат. Оозунан чыгып-чыга электеги ишаратты тиешелүү бийлик түзүмдөрү илгиртпей илип кетүүгө даяр экенин Ө.Текебаевдин камалышы көрсөттү. АША айтканды жерде калтырбаган коопсуздук кызматындагылар шымалана билек түрүнүп ишке киришүүсү эмнени айттырат? Карт тарыхтагы “тирания” термини Кыргызстанда тирилгенин! Орто кылымдардагы тирания түшүнүгү кийин 19-кылымда диктатура түшүнүгүнө оодарылганы белгилүү. Бирок экөөнүн тең заадиси бир, мүдөөсү окшош.

 

Бул эки режимди саясый күрөштөгү түркөйлөр менен зулумдар гана орнотуп келишкен. Саясый кегин алуу үчүн “ляппайды” билбегендерди камоо, сабоо, жалган жалаа менен жазалоо ыкмасын түрдүүчө колдонгон бийлик эгелери эзели тактан түшпөөнүн жолун коркунуч амал менен издешкен. Себеби алардын басып өткөн жолу жууса кеткис кандуу, кылмыштуу жосундар менен коштолгон. Тактан кулоо коркунучу уйку бербеген тирандар менен диктаторлор анан миң-миллиондогон адамдардын канына забын болуудан кайра тартпаган. Алардын ишенимдүү таянычы бир гана кара күч болгон. А чындыкты таяныч кылгандардын зындандан баштары чыкпаган! Чындыкты оозанган жандардын тили кесилип, башын кылыч мойсогон…

 

Карт тарыхтан бүгүнкү күнгө кайрадан келсек: А.Атамбаевдин “мен бийликтен кетсем, өзүм менен бирге эски саясатчыларды тазалай кетем”- маанисинде ачык айтканына баам салалы. Бул эми кыргыздын жалпак тили менен айтканда “мага айдарын тиккендерди өлсөм да ала жатам” деген эле долулук. Ошону менен ал “жыгылсам нардан жыгылайын” деди көрүнөт, ал аракетин Текебаевден баштады. Эмнеге? Анткени эң азоо каршылашы ошол жана анын командасы, тилектеш, санаалаштары, ошондой эле Кыргызстандын илим-билимдүү абийирдүү чөйрөсү.

 

Ал эми башкалары шалтурук жер карама топ башы болуп жүргөн саясый фигуралар. Ал фигураларга жүгөн катып жетелеп алыш оңой. Минип алса да болот. Чобур атка окшотуп минип алса мөңкүбөй турганын бийлик даамын таткан, тактан түшкүсү келбегендердин табият туюму саресеп салдыртат заматта. Ал эми Текебаевдей мамлекет жерпайын түптөөгө күч үрөп келаткан акылы тетик азоолорду ооздуктоо АША бийлиги үчүн эң башкы максаттай көрүнүп калды окшойт.

 

Бийликтин азыркы болгон күч аракети өлкөнүн чабал чарбасын оңдоо озуйпасын унуткарды. Элдин социалдык жакыр турмушунан мурда жаздыкка башын койдурбаган санаасы – бийликке каршы күчтөрдү кандай жол менен тазалоонун убайымы болуп калгансыйт. Себеби саясат айдыңындагы азуулуу фигураларды тазалай турганын туюнткан шефтин командасы ошондой болду…

 

Экономикасы чурку, саясаты сойку өлкөнү башкаруу ушуга алып келди. Бүтүндөй мамлекеттик система өлкө казынасын карапайым элдин жыргалчылыгына эмес, күч түзүмдөрүн күнү-түнү дебей бир адамдын бийлигин солк этпес коопсуздукта сактап турууга коротууда. Аны бийликке нааразычылык билдирген акыркы эле саясый окуялар көрсөтүүдө. Канчалаган милийсасы жана атайы кызматтын албан-субандай жигиттери күн дебей, түн дебей “мамлекет коопсуздугу үчүн” деген шылтоо менен күзөттө турганына эбегейсиз каражат коромжу болорун сизиң менен бизиң эсепке алган жерибиз жок. Элдин чөнтөгү бүгүн мамлекет коопсуздугу үчүн эмес, бир адамдын коопсуздугуна коромжу болууда.

 

Олжобай ШАКИР

Булак: “Майдан.kg” гезити, №13 (291), 12.04.2017-ж.