Имиштер

 

“Эрегиштен эр өлөт” дечү эле элибиз. Президент А.Атамбаев менен ЖК депутаты Ө.Текебаевдин бири-бири менен эрегишип тирешиши кайда баратат? Бири мамлекеттин президенти, экинчиси Жогорку Кеңештин бир эмес, бир нече жолку депутаты, өлкөдөгү №  саясатчы.

 

Президент колундагы бийликтин күчүнө салып Ө.Текебаевди каматып койду. Көрсө Текебаев жети жылча мурда бир орус бизнесменден “Мегакомду сага алып берем” деп 1 миллион доллар пара алган экен.  Дагы да тактала элек кылмыштары бар имиш. 28 жылга жакынкы өмүрүн саясатка арнаган, мамлекетибиз эгемендикти алгандан бери дайыма бийлик менен кайым айтышып, бийлик кетирген кемчиликтерди депутаттык трибунадан какшап айтып, буга чейин да бир нече жолу куугунтукка кабылып, ал түгүл камалган учурлары да болгон, Кыргызстанда демократиянын калыптанышына эбегейсиз салым кошкон депутаттын ушул жолку камалышы укук коргоо органдарынын айтымында акыркысы экен. Далилдер так имиш. Кыскасы Ө.Текебаев эми темир тордон чыкпайт имиш. Мурдакы качкан эки бийлик Текебаевди куугунтуктап каматышканда деле ошентип айтышкан. Этеги башкача бүткөн эле.

 

Ал арада Ө.Текебаевдин жактоочулары пресс–конференция өткөзүп жиберишти. Көрсө январдагы 40ка чукул адамдардын өмүрүн алган Дача-суу айлындагы кандуу авиакырсыктын себепкери, так айтканда бүгүнкү күнгө чейин табылбай келаткан жүктүн ээси - өлкөнүн президенти А.Атамбаев менен анын аялы имиш. Аны түрктөрдүн атайын кызматы изилдеп чыгып тактаган имиш. Текебаев муну тактап бүтүп ачыктаганы атканда бийлик камай салган имиш. Аталган пресс-конференцияда айрым документтердин көчүрмөлөрү көрсөтүлдү. Түп нускасы ЖК комиссиясына бериле турган болду.

 

Эки иш боюнча укуктук жагдай

 

Ө.Текебаев чын эле пара алган болсо, ал далилденсе, анда мыйзамдуу жазасын алышы керек. Муну далилдеш үчүн бийликтеги бүт укук тармагында иштеген кызматтар түнү уйку көрбөй иштеп жатканы айтпасак да белгилүү.

 

Президент А.Атамбаевдин үстүнөн коюлган айып кандай болот? Мындай жүк буга чейин 50дөн ашык жолу ташылып келинген деген имишке караганда президент өзү контрабанданын башында туруп жатпайбы.

 

Эгер чын эле биз мыйзамдуулук өкүм сүргөн мамлекетте жашасак А.Атамбаевдин үстүнөн да кылмыш иши козголуш керек го.

 

Жети жыл мурда жасалган иш боюнча ар кандай адамдардын көрсөтмөсүнө таянып, эч кандай урунтуктуу далили жок, анысы аз келгенсип көрсөтмө берген адамдардын абройлору шектүү, арасында жүзүкаралык, шылуундук менен аттары чыгып калгандары бар немелердин көрсөтмөлөрүнө ишенип Ө.Текебаев камалганы туура болуп жатабы? Ал эми башкасын койдук, белгилүү бир мамлекеттин расмий кызматынын иликтеген иш документи боюнча экинчи тарап жооп бербесе кандай болот?

 

Абийир, ыйман, аброй, адеп жагы

 

Ө.Текебаевди камабаган күндө да өзү жөнүндө айтылган сөздөрдүн чын же жалган экенин аныктап аягына чыгып коюшу Текебаевдин аброю үчүн жасалуучу иш эле. Раматылыгы болгур Дооронбек Садырбаевдин артынан шектүү ушак айтылганда өзүн-өзү сотко берип, “Мен жөнүндө ушундай сөз чыкты. Мен анын чын төгүнүн сот аркылуу ачыктайын”- дегени бар. Текебаев да эл алдында маселенин чын төгүнүнө чыгып коюшу керектүү иш.

 

Ошондой эле А.Атамбаевдин да артынан акыркы убакта өтө оор айыптоолор айтылып келатат. “Жазуучулардын 50 миллион рублин жеген”- деп экс-президент А.Акаев маек берип салды. А.Акаев көзү тирүү, дүйнөлүк кадыр-баркы бар адам. Шылуундук менен шектелген жагдайы жок. “3 тонна алтынды азыркы бийликтин башында отургандар жымырып жеп алышты”- деп экс-депутат Садыр Жапаров китеп жазып салды. Ал деле тирүү. Шылуундук, жүзүкаралык боюнча шектүү иштери жок. Минтип “Кырсыктуу жүктүн ээси  А.Атамбаев жана анын аялы”- деп “түрктөрдүн атайын кызматы иликтеп далилдеген имиш”- деген кеп жарыя болуп кетти. А.Атамбаев унчукпай кутулууга акысы жок болсо керек.

 

Эми эки ишти салыштырып көргүлө. Кимисиники оорураак жана далилдүүрөөк экенин чечүүнү окурмандардын өздөрүнө коелу. Биз бир гана калыстык ханга да карапайымга да бирдей болсо эл ыраазы болбойт беле дегибиз келет.

 

Жыйынтык

 

Кыргыз эли илгертен калыстыкты сүйгөн өзгөчө эл. Ошондуктан  эки жолу төнкөрүш жасап, эки президентти кууп жиберди. Элдин көзү көрөгөч, кулагы уганаак: баарын көрүп, угуп турат. Кыргызстан чакан мамлекет болгондуктан Баткенден “катуу жел” чыкса Нарындын башына шак эле угулат. Кыргызстанда жашырып бир нерсе жасайм дегендин өзү түркөйлүк. Анан калса оозу ачык ичине эч нерсе жатпаган элбиз. Кыргыздарда “бир нерсени жашыруун кармайм”- деш кыял. Төрдө отуруп жашыруун бир ишти эч кимге угузбайлы деп шерттешип алып босогого жеткиче кошунаң аны талкуулап аткан болот. Жогору жактагылардын бүт иштери алаканга салгандай дайын. Бул эрегишүү элдешкис чекке жетип, жетмек түгүл өтүп кетти. Эми экөө токтолбой калышты. Эрегиштиби, эми эки тарап тең бүт дасмияны жайып эл алдында ачык, калыс тазалануусу керек. Эгер эле бир тарабы калыстыктан тайып колдогу мүмкүнчүлүгүнө салып экинчисине үстөмөндөп баратса, анда эл өзү калыстык кылууну колуна алат. Эл киришсе ал күчтү эч ким токтото албайт. Ушуну эстен чыгарбагыла.

 

Чолпонбек Абыкеев,

жазуучу, коомдук ишмер

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №08 (286), 8-март 2017-жыл.