×

Внимание

Не удалось вызвать функцию mail.

 

Кечээ Биринчи Май райондук сотунда абакта жаткан оппозициялык ишмерлер Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов жана Эрнест Карыбековго сот өкүмү чыкмак. Бирок, адвокаттардын биринин ооруп калгандыгына байланыштуу, сот 22-мартка жылдырылды.

 

Мамлекеттик айыптоо төртөөнүн тең “бийликти басып алууга аракети” далилденгенин айтып, К.Кадыровду менен Б.Асановду 15, Д.Сарыгуловду 12, Эрнест Карыбековду үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 22 жылга абакка кесүүнү соттон талап кылган. Эске салсак, сот жабык өтүүдө.

 

Ошол эле учурда дал ушундай негизде камалган “Элдик парламент” саясий уюмунун мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков, Марат Султанов, Тойгонбай Калматов, Төрөбай Колубаев жана Александар Гусевдердин иши да аталган райондук сотто аягына чыгуу алдында турат жана ал да жабык болууда.

 

Жогоруда аты аталгандардан жалгыз гана Дастан Сарыгулов ден-соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

 

Буга чейин бийликтин эл уулдарын негизсиз куугунтуктап, камоого аракеттенгенин айыптап, Талас эли митингге чыккан. Кечээ болсо Жалал-Абад облустук администрациянын алдына Бектур Асановдун тарапташтары митингге чыкты. Абактагы саясий туткундарды бошотуу талабы менен чыккан 200дөй адам 22-мартта кайра чыгышаарын, эгер эл талабы аткарылбаса, 24-мартта республика боюнча масштабдуу акциялар уюштуруларын маалымдашты.

Митингдер сезону муну менен бүтпөйт. Кара-Кулжада Д.Чотоновдун, Базар-Коргон менен Бишкекте Ө.Текебаевдин жактоочулары “бийликти уктатпайбыз” дешүүдө. Деги аман калабызбы?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, 08.03.2017-жыл.

Добавить комментарий

ПРАВИЛА РАЗМЕЩЕНИЯ КОММЕНТАРИЕВ:
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!


Защитный код
Обновить