Президент Алмазбек Атамбаевдин Россияга болчу иш сапары азыр каралып жатканын вице-премьер министр Олег Панкратов "Россия – Кыргызстан: келечекке багытталган өнөктөштүк" аттуу эл аралык конференцияда билдирди.

 

Анын айтымында, Кыргызстан менен Россия бардык тараптан кызматташууда. Анын ичинде мамлекет башчылары да такай жолугуп турушат. “Жакында Россиянын президенти Владимир Путин келет. Ошондой эле Кыргызстандын президентинин Россияга боло турчу иш сапары дагы каралууда”,- деди вице-премьер. Бирок ал президенттин сапары качан болорун жана кайсы маселелер талкуулана турганы боюнча так айткан жок.

 

Жергиликтүү билермандар февралдын башында Кыргызстанга келе турган Путин келечекте ким президент болорун чечип кетерин жар салып жатышат. Атамбаев Европага барганда “Кыргызстандын президенти ким болорун Маскөө же Вашингтон чечпейт”- деген оюн айткан. Анын бул билдирүүсү Кремлге жакпастыгы бышык. Көрө жатарбыз эми эмне болот?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №06 (284), 22.02.2017-ж.