Бир кезде Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда чындап эле манжасын мамлекеттик бюджетке салып, тендерден “шабашка” жасаганбы же “Ата-Мекен” партиясынын мүчөсү, президент А.Атамбаевдин №1 душманына айланган Ө. Текебаевдин досу, партиялашы болгон үчүн гана Ак үйдүн укуругуна илиндиби, айтор өткөн жумада депутат А.Шыкмаматовго кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, А.Шыкмаматов 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда кызматтык унаа сатып алуу үчүн жасалма тендер өткөрүүгө катышкан экен. Болгондо да ал унаа өзүнүн аялынан сатылып алынып, баасы базардагыдан жогору көрсөтүлүптүр. Учурда бул ишти УКМК иликтөөдө. Ал эми А.Шыкмаматов аялынан Эсеп палатасына бир ортомчу фирма аркылуу кызматтык унаа сатылып алынганын мойнуна алып, ал машина азыр да жакшы абалда экендигин, өз баасына жооп бере тургандыгын айтууда. Демек, мамлекетке зыян келтирилген эмес. “Ата-Мекенчилер” бул кылмыш ишин оппозициялык партиянын лидерлеринин бирин куугунтуктоо катары баалашууда. Айтор, кудум эле Акаев доорунда Бакиевди, Бакиев доорунда Атамбаевди куугунтуктаган заманга окшошуп баратат. Ушинтип жүрүп “Наполеон” (А.Шыкмаматов) кийинки президент болуп калбас бекен?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №06 (284), 22.02.2017-ж.