“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров 18-февралдын кечинде Москва шаарындагы “Кунцево” концерттик залында кыргыз мигранттары менен жолугушту. Уюштуруучулардын биздин агенттикке билдиришинче, жолугушууда негизинен Кыргызстандагы азыркы коомдук-саясий абал, алдыдагы президенттик шайлоо жана мигранттардын маселелери тууралуу сөз болду.

 

 Мигранттарды мекениндеги саясий кырдаал, экономикалык абалга байланышкан суроолор көбүрөөк кызыктырды. Тарапкерлеринин суроолоруна жооп берген Адахан Мадумаров оппозициялык саясатчылардын биригип жатышы, президенттик шайлоого бир талапкер чыгаруу маселеси боюнча да кеп кылып, азырынча кандайдыр бир чечим кабыл алына электигин белгиледи.

 

Адахан Мадумаров Москвага кыргыз мигранттарынын чакыруусу менен барган. Ушул айдын башында саясатчынын Орусиядагы тарапкерлери «Мадумаровду колдоо» кыймылын түзүп, быйылкы президенттик шайлоодо Мадумаровдун талапкерлигин колдоорун жар салышкан. Ошондой эле саясатчыны жолугушуп кетүүгө чакырган эле.

 

Мадумаров Москвага жөнөр алдында биздин агенттикке тарапкерлеринин чакырыгын кабыл алганын, бирок муну менен «Мадумаров президенттикке барат экен» деген жыйынтык чыгаруу эрте экенин, шайлоого талапкер катары барар-барбасын жакын арада айтарын билдирген.

 

Өткөн жылдын соңунда Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев бириккенин, мындан ары саясий күрөштө бир болорун жана алдыдагы президенттик шайлоого бир талапкер чыгарарын жарыялашкан эле.

 

Айрым байкоочулар Мадумаров Москва сапарынын алкагында мигранттар эле эмес, Кремлдеги таасирдүү адамдар менен да жолугушуусу мүмкүндүгүн боолголоп жатышат. Бирок азырынча бул боюнча так маалымат жок.

 

Булак: "Кабар24"