- “Замандаш” менен “Өнүгүү” партиясы биригип, президенттикке бирге аттанат деген маалымат тарады.  Бул маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар? Ишенсек болобу?

 

- Бул маалымат чындыкка жатпастыгын расмий билдирем. Себеби, президенттик шайлоодо биригип, бир талапкер чыгаруу жаатында эч кандай келишим же макулдашуу жок. Бул маалымат катардагы саясый оюн жана чындыкка төп келбеген ушак. 9-февралда “Замандаш” ассоциациясы менен “Өнүгүү” фондусунун ортосунда миграция маселесинин алкагында гана иштешүү боюнча меморандумга кол коюшкан. Барыбыз билгендей, бүгүн миграция маселеси  чечилмек турсун, абдан курч  бойдон калууда. Так ушул көйгөйдүн алкагында “Замандаш” ассоциациясы мигранттарга жардам берүү ниетинде “Өнүгүү” фонду менен кызматташууга макул болгон. Ал эми мигранттардын маселесин саясатташтырып, президенттик шайлоого байланыштырган өнөктөштөргө, так айтканда “Өнүгүү” фондусуна баракелде дегенден башка сөз айтуу кыйын. “Замандаш” ассоциациясы 2003-жылдан тарта коомдук бирикме катары иш алып келет. Ички жоболоруна ылайык миграция багытында иштеген жүздөгөн уюмдар, фонддор менен кызматташат. Ассоциациянын аткарып жаткан иштери саясаттан сырткары жана аны эч кандай саясый өңүттө кароого болбойт. Демек, президенттик шайлоодо Бакыт Төрөбаевди “Замандаш” партиясы колдойт”- деген сөз калп! Президенттик шайлоонун алдында өлкөдөгү ар бир чоң саясый партиялардын ичинде сүйлөшүүлөр, өнөктөштөр менен келишүүлөр болуп жатат. Мындай көрүнүш “Замандаш” партиясында дагы орун алган. Президенттик шайлоо боюнча чечим партиянын саясый кеңешинде кабыл алынат жана жакынкы күндөрү партиянын конференциясында жалпыга расмий маалымдалат.

 

- Президенттик шайлоо тууралуу сөз боло электе неге мындай маалымат тарап кетти экен? Анткени, эртеби-кечпи баары бир чындык чыгат да…

 

- Сиз айтып жаткан чындык чыкты, келечекте өнөктөштөр тарабынан мындай каталар кетпейт деп ишенем. Ал эми, маалыматтын чыгышына себепкер болгон айрым кызматкерлерибиздин ишине баа берилет. Айтмакчы, “Замандаш” ассоциациясынын катардагы кызматкеринин сөздөрү айрым ММКларда туура эмес жазылган жана ошого байланыштуу саясый өңүттө көп жерге туура эмес маалымат берилген. Албетте, президенттик шайлоонун алдында шайлоого аттанган талапкерлерди “тиги же бул саясый күч колдойт экен” деген коомдо жылуу жана жакшы пикир жаратат. Ошол себептүү дагы, мүмкүн бул маалыматты коомго таратуу керек болгондур. Бирок, мындай көрүнүш эч кимге абийир алып келбейт.

 

- “Замандаш” партиясында президенттикке аттанчу бычакка сап боло турган, элдин жүгүн көтөрчүлөр барбы?

 

- Мен жогоруда белгилегендей, бүгүнкү күнү партиянын ичинде талкууланып, саясый өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү президенттик шайлоо боюнча чечим кабыл алынат жана жалпыга расмий маалымдалат. “Замандаш” партиясынын тарыхы чоң, аткарган иштери арбын. Андыктан, президенттикке аттанчу бычакка сап, элдин жүгүн көтөрө турган эр азаматтарыбыз бар.

 

- Азыр “президент болот элем” деп чамынгандардын тизмеси арбыды. Президенттике чыккан лидерлердин баары эле колдоого алынабы же көпчүлүгү шайлоо жакындаганда талапкерлигин алып таштайбы?

 

- Президенттикке чыкчу саясый лидерлер шайлоого катышуу чечимин жөн жерден кабыл алышпайт. Биринчиден, алар шайлоочуларына, саясый тажрыйбасына, эл ичиндеги кадырына, жанындагы командасына ишенип, терең талдап, анан саясый чечим кабыл алышат. Албетте, арасында элге таанылуу, өз күчүн текшерип көрүү же саясый упай топтоо максатында койгондор дагы чыкпай койбойт. Ар биринин өз шайлоочулары жана каршылаштары чыгат. Учуру келгенде президенттикке аттангандардын ичинен бир адам тандалат деп ишенем.

 

- Неге Кыргызстанда партиясы бар адамдардын баары эле өзүн президенттик тактан көргүсү келет?

 

- 2010-жылы өлкөдө парламенттик башкаруу болсун деп мамлекеттик башкаруу системасын референдум жолу аркылуу алмаштырдык. Арадан, парламентке партиялык тизме аркылуу эки ирет шайлоо өткөзүлдү. Ири партиялар кошулуп, саясый лидерлердин партиялардын курамына кирүүсү күч алды. Демек, бүгүн күчтүү партияны алып чыгып, элдин колдоосуна жеткизүү менен күчтүү саясый лидерлер чыгууда. Ал эми, саясый партиянын негизги максаты – бул бийликке жетүү менен партиянын эл алдына алып чыккан программасын, реформаларын жана жаңы идеяларын ишке ашыруу болуп саналган соң, ар бир ири партиянын лидери бийликке жетүүнү эңсейт. Бул жакшы көрүнүш. Себеби, саясый партиялар менен саясый лидерлердин ортосунда атаандашуу болуп турушу керек. Саясый атаандашуу жок жерде “Алга, Кыргызстан” же “Ак Жолго” окшогон көрүнүш пайда болот.

 

- Президент болуш үчүн капчыгы калың болуш керекпи же биринчи кезекте акылдуу, билимдүү болуу маанилүүбү?

 

- Бүгүн акчалуулар гана президенттик такка көз артып жатышат го… “Кылычты ар ким байланат, чабарына келгенде кандай киши шайланат” дегендей, учуру келгенде көрөбүз. Негизи, президенттик кызмат өтө чоң жоопкерчиликти талап кылат. Алгач, президент ыймандуу, адилеттүү, адептүү, жоопкерчиликтүү, билимдүү, чечкиндүү, эрктүү, сиз айткандай акылдуу болушу керек. Айтор, саясатта акылы бар, эси жок адамдар дагы жүрөт, демек эстүүлүк дагы талап кылынат. Ал эми, күчтүү саясий лидер чыкса, аны материалдык жактан колдоочулар эл ичинен эле чыгат. Президент болчу адам капчыгындагы байлыкка, сырттагы күчтөргө таянбастан, алгач өз элинин ишеничине ээ болушу керек.

 

- Президент мөөнөтүнүн аягына чейин отурабы?

 

- Президент тарыхый миссиясын аткарды. Мамлекетте стабилдүүлүк сакталып, эки жолу парламентке шайлоо өттү. Өкмөт көп алмашса дагы, тынчтык жолу менен бийлик алмашуу маданияты аз-аздан калыптана баштады. Андыктан, президент мөөнөтүнүн аягына чейин отуруп, тынчтык жолу менен шайлоо аркылуу кийинки президент шайланып, эл аралык коомго, өзгөчө коңшу мамлекеттерге үлгү катары мамлекеттин эң бийик кызматын тынчтык жолу менен алмаштыруу болоорун далилдегенибиз оң. Анын үстүнө, президент бардыгына бирдей шарт түзүп берип жатат. “Каалагандар шайлоого катышып, элден шайланып келсеңер, президент болгула”- деди. Мына бүгүн президенттикке чыкчулар четинен чыга башташты. Бул жакшы көрүнүш.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити