- Жолдошбек агай, Раушан Айткулованын “эфирде” чырлуу “Мегаком” боюнча “ата-мекенчилерге” күнөө коюп, чындыкты айтып жатат деп ишенсек болобу?

 

- Менимче, Раушан Айткулова “Эфирге” заказ менен чыкканы көрүнүп эле турат. Буга чейин Атамбаевди оор кылмыштарга күнөөлөп, Ак үйдүн алдында кыйкырып эле жүргөн.

 

- Бүгүнкү КТРКнын иш аракети  2005 -2010- жылды эске салып жатат, бийлик алсырап бара жаткан жокпу? Атамбаевдин бийлиги күзгө чейин  жетеби ?

 

- Бийлик алсырамак турсун, жокко эсе болуп калды. Болгон аброюн (авторитетин) жоготкон. Бул процесске Атамбаев жана анын партиясы чоң "салымын" кошушту. Атамбаевдин бийлиги күзгө жетпей калышы да мүмкүн. Эгерде революциялар 2005- жылкы Аксыда, 2010- жылкы Нарын менен Таласта башталса, 2017-ж. Бишкек менен Ошто башталашы мүмкүн.

 

- Басымдуу болбосо да көпчүлүк эл “Ата Мекен” партиясынын ичинен бирөөнү президенттикке барышын каалашат экен. Сиздин оюңузча аталган партиядан  ким аттанат?

 

-  Менин оюмда, Текебаевди чыгарыш керек. Кийинки президент Текебаев болсо жалпы эл жана мамлекет утат.

 

- Биздин кыргыз эли Кремльдин таасирисиз өз алдыбызча президенттүү болушубуздун канчалык чындыгы бар деп ойлойсуз? Текебаев Москвага эмне иш менен кетиши мүмкүн?

 

- Кыргызстандагы процесстерге Кремлдин таасири чын эле күчтүү. Бирок, биздин келээрки президент мамлекеттин эгемендүүлүгүн катуу карманышы зарыл. Текебаев Москвага кетсе, ал төңкөрүштү эмес, Атамбаевди мөөнөтүнөн эрте кетишин камсыздоо үчүн барышы мүмкүн.

 

Шамил Карабала уулу

Булак: “Майдан.kg” гезити, 15.02.2017-ж